КҮЛТЕГИН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КҮЛТЕГИН – байыркы орхон түрктөрүнүн ташка жазылган 8-к-га таандык руникалык эстелиги. Аны 1889-ж. Орхон д-нын жээгиндеги Кошо-Цайдам деген жерден (Моңголия) Н. Я. Ядринцев тапкан. Эстелик таштын бийикт. 3,15, туурасы 1,34, калыңдыгы 0, 41 м. 1893-ж. даниялык окумуштуу В. Томсен Орхон жазма эстеликтерин окуй турган ачкычын тапкан соң, анын түрк тилинде жазылганы аныкталган. В. В. Радлов тактагандан кийин ал түрктөрдүн аскер башчысы Күлтегиндин (б. з. 684–731) баатырдык иштерине арналып жазылган дастан жа жанына чарчы (10,25x10,25) түрүндө курулган күмбөз ага тиешелүү экени белгилүү болгон. Эстелик ташта баян түрүндө эки жазуу сакталып калган. Алар кичи ж-а чоң жазуулар деп аталып, биринчиси 13, экинчиси 53 көлөмдүү саптан турат. Эки жазууда тең маанилүү окуялар баяндалган. Кичи жазууда негизинен Күлтегиндин түрк элине кайрылып айткан акылы, түрктөрдүн жеринин кооздугу, кеңдиги, Билге кагандын эрдиги ж-а бул дастанды жазуунун себептери сүрөттөлөт. Чоң жазууда түрк элинин ата-бабалары Ильтериш (к. Эльтерес каган), Бумын,-.Истеми кагандар, Күлтегиндин өзү ж-дө баяндар ж-а жер м-н көктүн, адам баласынын жаралышы тууралуу филос. ойлор айтылган. Түрктөргө жоо болгон табгач (тоба), тогуз огуз, кыргыз, курыкан, отуз татар, кытаң (кара кытай), татабилерге 47 жолу жортуул жасап, чыгышы Жашыл Өзөн, Шантуң, батышы Темир-Капкага чейин жеткени ж-а Көгмөндү ашып кыргыздарды чапканы, о. эле Күлтегин кайтыш болгондо бүткүл түрк элинин, аза күткөнү аза күтүү зыйнатына төгөрөктүн төрт бурчунан кадырман кишилер келгени ж-дө маалыматтар бар. К. эстелигиндеги жазуу түрк, огуз, кыргыз, он ок сыяктуу Борб. Азиянын элдеринин тарыхын окууда өтө маанилүү эстеликтердин бири болуп эсептелет.

Ад.: Киселёв С. В. Древняя история Южной Сибири.М., 1951; Кляшторный С. Г. Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии. М., 1964; Малов С. Е. Енисейская письменность тюрков. М.; Л., 1959; он же, Памятники древнетюркской письменности Монголии и Киргизии. М.; Л., 1959; Орхон-Енисей тексттери. Ф., 1982.