«КҮЛГААКЫ»: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
«КҮЛГААКЫ» – кыргыз эл дастаны. Негизги темасы – aта журтту коргоо, идеясы – калк достугун бекемдөө. Дастандагы окуялар кыргыз эли м-н калмактардын ортосунда 16–18-к-да болгон кагылышты чагылдырат. «К-нын» качан пайда болгону ж-дө так маалымат жок. Дастандын жаралышына Күлгаакы ж-дөгү уламыш, санжыралар негиз болгон. Дастандын баш каарманы Күлгаакы – калмак ханынын кыргыз аялдан төрөлгөн кызы. Ал 14 жашында эле калкка кайрымдуу, адилет эл башкаруучу болгон. Күлгаакы кыргыз жигит Гүлжигитке турмушка чыгып, калмак м-н кыргызды достоштурган. Дастандагы Догон, Долухан, Таргын – терс кейипкерлер. Алар кол курап келип, Күлгаакы м-н Гүлжигитти өлтүрөт. Бирок дастанда адилеттүүлүк, акыйкат жеңип, окуя калмактардын кыргыз жергесинен куулушу м-н аяктайт. Дастан Орозбай Урманбетовдун варианты б-ча басмадан чыгып (1969), окурмандарга тартууланган.