КҮЛБӨСХАН ШААР КАЛДЫГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КҮЛБӨСХАН ШААР КАЛДЫГЫ – 10-к-га таандык археол. эстелик. Чаткал өрөөнүнүн борб. бөлүгүндө, Чаткал суусунун сол өйүзүндө жай­гашкан. Жалпы түзүлүшү трапеция үлгүсүндө. Цитадель, шахристан ж-а рабаттан турат. Ци­тадель ж-а шахристаны мунаралуу калың ду­балдар м-н курчалган. Дубалы бышырылбаган кыштан тургузулган. К. ш. к-н казууда турак жай, чарба калдыктары, чопо идиштер, жар­гылчак, тыйын, күл, малдын сөөктөрү ж. б. буюмдар табылган. Айрым изилдөөчүлөр аны о. кылымдагы Ардыланкет м-н байланышты­рат. 1950-ж. археолог А. Кибиров казып изил­деген.