КҮЛ АЗЫК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КҮЛ АЗЫК – кыргыз элинин улуттук узак сакталуучу, бузулбас кубаттуу тамагы. Ал негизи­нен тайдын (кээде кийик ж-а койдун) этинен даярдалган. Союлган малдын (кайберендин) эти бышырылып, туурасынан жука тилинип, кур­гатылып, жаргылчакка тартылат же сокуга күл майда жанчылат. Жанчылган эт сызгырылып, майга салынып, кайнатылып, ун, туз, курга­тылган чөп тамырлары ж. б. татымалдар ко­шулуп, кызарганча куурулат. Суугандан кийин карынга салынат. К-ты эттин өлчөмүнө жара­ша талкан кошуп, сары майга кууруп сактаса да болот. Кишинин санына жараша (орто ка-занга бир кочуш салса, 10–15 кишиге жетет) сууга салып кайнатат. К. узак сапарга, аң-ууло­ого, жүрүшкө, казатка чыгарда пайдаланылган.

Ы. Кадыров.