КҮЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КҮЛ , ч е ч е к (Variola), – малдын терисинде ж-а былжыр челинде ириңдүү ыйлаакчалардын пайда болушу м-н мүнөздөлгөн өтө жугуштуу ылаң. Бул ылаң адамда чечек оорусу деп ата­лып, дүйнө б-ча 1979-ж. жок кылынган. Ал эми жаныбарларда К. азыр да кезигүүдө. Ылаңдын озгогучтары Poxviridae түркүмүнө кирген ви­рустар. Алар сырткы чөйрөдө көпкө чыдабайт. Жогорку темп-рага, күн нуруна ж-а к-таларга өтө сезгич келет, кайнатканда тез өлөт. К. м-н сүт эмүүчү жаныбарлардын бардык түрлөрү ж-а куштар ылаңдайт. Малды тар, шарты начар ко­роодо багуу ж-а сапатсыз тоюттандыруу ылаң­дын оор өтүшүнө түрткү берет. К. ылаңына эпи­зоотол. маалыматтар ж-а клиникалык белги­лер б-ча диагноз коюлат. Уйдун К-үнөн шарп­ты, исиркектүү оозулду ж-а тоюттан пайда бол­гон исиркектерди айырмалоо зарыл. Ылаңда­ган малды жылуу, кургак бөлмөлөргө бөлүп, сапаттуу, жеңил сиңимдүү тоют м-н тоюттан­дыруу зарыл. Сугарууда сууга иоддуу калий ко­шулат. Уй желини жабыркаган учурда бор, цинк, стрептоцид, синтомицин ж. б. кошулуп даярдалган антисептикалык ж-а кургатуучу да­рылар сүйкөлөт. К. м-н ылаңдап айыккан жа­ныбарда туруктуу иммунитет пайда болот. К-дү болтурбоо үчүн вет.-санит. иш-чараларды өз учурунда ж-а так аткаруу зарыл. Бул ылаң чыккан чарбаларга чектөө коюлат, кой, эчки, төө ж-а үй куштары ылаңдаган учурда каран­тин жаряланат. Ылаңдаган ж­а ылаңга шектүү жаныбарлар өзүнчө бөлүп дарыланат. Мал са­райлар жегич натрийдин 3%түү эритмеси же жаңы өчүрүлгөн акиташтын 20%түү аралашма­сы м-н дезинфекцияланат.


Ад.: Раимбеков Д. Эпизоотология жана айыл чарба жаныбарларынын жугуштуу ылаңдары. Б., 2007.