КҮКҮРТТҮҮ СУУТЕК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КҮКҮРТТҮҮ СУУТЕК , Н2S – күкүрттүн суутек м-н бирикмеси; түссүз, сасыган жумуртка жыт­танган уу газ. Эрүү t – 32,9°С, кайноо t – 60,3°С. тыгызд. 0,964 г/см3 Катуу К. с. ак түстөгү крис­таллдык масса. Сууда, спиртте жакшы эрийт.20°С 1 л сууда же спиртте 2,9 л К. с. Эрийт. Жаратылышта жанартоо газдарынын курамын­да, орг. калдыктардын чириндилеринде кезде­шет. К. с-тин орто ж-а кычкыл туздары бар (NaHS, Na2S, ZnS, PbS ж. б.). Алар сууда начар эрийт же такыр эрибейт. К. с. лабор-да күкүрттүү темирге 25%түү туз к-тасын таасир этүүдөн алы­нат: FeS+2HCl2+H2S. К. с .– күчтүү калыбына келтиргич. Анын суудагы эритмеси К. с. к-тасы деп аталат. Ал начар к-таларга кирет. К. с. дем алуу органдары, көз, нерв системасына терс таа­сир этет. Концент. 1 мг/лден жогору болсо адам­дын өмүрүнө зыян келтирет. К. с. анализдик химияда ж-а орг. синтезде күкүрттүү бирикме­лерди алууда колдонулат.