КЕНДО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕНДО́</b> – кылыч м-н машыгуу | <b type='title'>КЕНДО́</b> – кылыч м-н машыгуу боюнча япон тай­маш өнөрү. Ал байыртадан эле, Токугава динас­тиясынын мезгилинде (1603–1867) япон аскер­леринин даярдыгынын негизи болгон. Ошол учурда бүгүнкү күндөгү машыгуунун негизги түрлөрү (бамбук кылыч «синай» м-н жыгач «бок­кен»), ошондой эле коргонуу жабдыктары пайда бол­гон. Мейдзинин (1868–1912) доорунда Япония­да коомдон касталык бөлүнүү жоюлуп, кылыч алып жүрүүгө ж-а кендо м-н машыгууга тыюу са­лынган. 1895-жылы жалпы япон таймаш күрөш­төрүнүн федерациясы, 1952-жылы кендонун япон фе­дерациясы түзүлүп, бул спорт түрү кайрадан жандана баштаган. Спорттук таймашта кылыч ышкыбозу серпилгич бамбуктан жасалган кы­лыч (таякты) кармап, башын, төшүн ж-а ко­лун коргоочу атайын жабдыктарды колдонот. Каршылашынын денесине таамай тийгизген ык­маларды аткаргандыгы үчүн упай топтойт. Учур­да кендо белгилүү спорт түрү гана болбостон, япон мектептеринде дене тарбия сабагынын өзөгүн түзөт. | ||
<p align='right'><i type='author'>Б. Үсөнканов.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Б. Үсөнканов.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
09:42, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕНДО́ – кылыч м-н машыгуу боюнча япон таймаш өнөрү. Ал байыртадан эле, Токугава династиясынын мезгилинде (1603–1867) япон аскерлеринин даярдыгынын негизи болгон. Ошол учурда бүгүнкү күндөгү машыгуунун негизги түрлөрү (бамбук кылыч «синай» м-н жыгач «боккен»), ошондой эле коргонуу жабдыктары пайда болгон. Мейдзинин (1868–1912) доорунда Японияда коомдон касталык бөлүнүү жоюлуп, кылыч алып жүрүүгө ж-а кендо м-н машыгууга тыюу салынган. 1895-жылы жалпы япон таймаш күрөштөрүнүн федерациясы, 1952-жылы кендонун япон федерациясы түзүлүп, бул спорт түрү кайрадан жандана баштаган. Спорттук таймашта кылыч ышкыбозу серпилгич бамбуктан жасалган кылыч (таякты) кармап, башын, төшүн ж-а колун коргоочу атайын жабдыктарды колдонот. Каршылашынын денесине таамай тийгизген ыкмаларды аткаргандыгы үчүн упай топтойт. Учурда кендо белгилүү спорт түрү гана болбостон, япон мектептеринде дене тарбия сабагынын өзөгүн түзөт.
Б. Үсөнканов.