КЕНДИРБАЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КЕНДИРБАЕВ</b> Эшмуканбет (т. ж. б., азыркы Ысык-Көл обл. Барскон айылы – 2. 2. 1938, Бишкек) – Кырг-нда Совет бийлигин орнотууга
<b type='title'>КЕНДИРБАЕВ</b> '''Эшмуканбет''' (туулган жылы белгисиз, азыркы Ысык-Көл облусу, Барскон айылы – 2. 2. 1938, Бишкек) – Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга катышкан мамлекеттик ишмер. 1916-жылы Түркстан БКнын тапшырмасы м-н Үркүндө Кытайга ка&shy;чып барып, кайра келген кыргыздарды жайгаш&shy;тыруу боюнча жооптуу кызмат аткарган. Совет бийлиги орногондон кийин Каракол ж-а Пиш&shy;пек шаарларында ревкомдун төрагасы, <i>Кара Кыргыз автономиялуу облусунун</i> жер иштетүү б-ча эл комиссары, Жети-Суу облусунун аткомунун төрагасы болуп иштеген. Түркстан БКнын чечими м-н 1921-жылы Ферганадагы басмачыларга каршы күрөшкө катышып, өнөкөт жүрөк оорусуна бай&shy;ланыштуу 1926-жылы кайра туулган жерине кел&shy;ген. Анын демилгеси м-н Тамга кыштагында оору&shy;кана бөлүмү, Барскон кыштагында орто мектеп ку&shy;рулган. Кара Калпак АССРи түзүлгөндө (1932) ага айыл чарба башчысынын кызматы сунуш кылын&shy;ган. 1936-жылы Ташкент шаарындагы пахта өстүрүү институ&shy;тунда илимий кызматкер болуп иштеген. 1937-жылы социал-туран партиясынын мүчөсү деген жал&shy;ган жалаа м-н камакка алынып, атууга буй&shy;рулган. 1961-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку соту тарабынан толук акталган.
катышкан мамл. ишмер. 1916-ж. Түркстан БКнын тапшырмасы м-н Үркүндө Кытайга ка&shy;чып барып, кайра келген кыргыздарды жайгаш&shy;тыруу б-ча жооптуу кызмат аткарган. Совет бийлиги орногондон кийин Каракол ж-а Пиш&shy;пек ш-нда ревкомдун төрагасы, <i>Кара Кыргыз автономиялуу облусунун</i> Жер иштетүү б-ча эл комиссары, Жети-Суу обл. аткомунун төрагасы болуп иштеген. Түркстан БКнын чечими м-н 1921-ж. Ферганадагы басмачыларга каршы күрөшкө катышып, өнөкөт жүрөк оорусуна бай&shy;ланыштуу 1926-ж. кайра туулган жерине кел&shy;ген. Анын демилгеси м-н Тамга кыш-нда оору&shy;кана бөлүмү, Барскон кыш-нда орто мектеп ку&shy;рулган. Кара Калпак АССРи түзүлгөндө (1932), ага а. ч. башчысынын кызматы сунуш кылын&shy;ган. 1936-ж. Ташкент ш-ндагы пахта өстүрүү ин&shy;тунда ил. кызматкер болуп иштеген. 1937-ж. социал-туран партиясынын мүчөсү деген жал&shy;ган жалаа м-н камакка алынып, атууга буй&shy;рулган. 1961-ж. Кыргыз ССРинин Жогорку соту тарабынан толук акталган.
[[Категория:4-том, 204-256 бб]]
[[Категория:4-том, 204-256 бб]]

09:33, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЕНДИРБАЕВ Эшмуканбет (туулган жылы белгисиз, азыркы Ысык-Көл облусу, Барскон айылы – 2. 2. 1938, Бишкек) – Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга катышкан мамлекеттик ишмер. 1916-жылы Түркстан БКнын тапшырмасы м-н Үркүндө Кытайга ка­чып барып, кайра келген кыргыздарды жайгаш­тыруу боюнча жооптуу кызмат аткарган. Совет бийлиги орногондон кийин Каракол ж-а Пиш­пек шаарларында ревкомдун төрагасы, Кара Кыргыз автономиялуу облусунун жер иштетүү б-ча эл комиссары, Жети-Суу облусунун аткомунун төрагасы болуп иштеген. Түркстан БКнын чечими м-н 1921-жылы Ферганадагы басмачыларга каршы күрөшкө катышып, өнөкөт жүрөк оорусуна бай­ланыштуу 1926-жылы кайра туулган жерине кел­ген. Анын демилгеси м-н Тамга кыштагында оору­кана бөлүмү, Барскон кыштагында орто мектеп ку­рулган. Кара Калпак АССРи түзүлгөндө (1932) ага айыл чарба башчысынын кызматы сунуш кылын­ган. 1936-жылы Ташкент шаарындагы пахта өстүрүү институ­тунда илимий кызматкер болуп иштеген. 1937-жылы социал-туран партиясынын мүчөсү деген жал­ган жалаа м-н камакка алынып, атууга буй­рулган. 1961-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку соту тарабынан толук акталган.