КЕМИРҮҮЧҮЛӨР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 2 сап: | 2 сап: | ||
[[File:КЕМИРҮҮЧҮЛӨР23.png | thumb | Кемирүүчүлөр: 1 – он­датра; 2 – кум чыч­кан; 3 – талаа чыч­каны; 4 – кадимки тыйын чычкан; 5 – кадимки аламан; 6 –чүткөр; 7 – келемиш; 8– көр чычкан; 9 –талаа сууру.]] | [[File:КЕМИРҮҮЧҮЛӨР23.png | thumb | Кемирүүчүлөр: 1 – он­датра; 2 – кум чыч­кан; 3 – талаа чыч­каны; 4 – кадимки тыйын чычкан; 5 – кадимки аламан; 6 –чүткөр; 7 – келемиш; 8– көр чычкан; 9 –талаа сууру.]] | ||
кыйма тиштери жок. | кыйма тиштери жок. Кемирүүчүлөр бардык табигый ай­мактарда таралган. КМШ өлкөлөрүнүн фауна­сындагы сүт эмүүчүлөрдүн жарымынан көбүн түзүп, ар түрдүү ж-а көп санда мелүүн ж-а суб­тропик алкактардын, айрыкча кургакчыл ай­мактардын ачык жерлеринде таралган. Аяк­тарынын түзүлүшү ийин казууга, сүзүүгө, кош буттап жүрүүгө (кош аяктар), жармашууга ж-а учууга (учкуч тыйын чычкан) ыңгайлан­ган, кемирүүчүлөр – тукумчул жаныбарлар. Тиричили­гин жер үстүндө (жарганаттар, келестер ж. б.), жер астында (буроо баш, сокур момолойлор ж. б.), сууда (куну, ондатра ж. б.), даракта (ты­йын чычкан, барак куйрук чычкан ж. б.) ж-а жерде өткөрөт. Алардын ийин казуусу кыртыш пайда кылууга чоң таасир тийгизип, өсүмдүктүн түшүмүн жогорулатат. Азыркы жашаган кемирүүчүлөр 3 түркүмчөгө: тыйын чычкан сымалдар (куну, келестер ж. б.), чүткөр сымалдар (дарак чүткө­рү, доңуз чычкан, суу доңузчасы ж. б.) ж-а чыч­кан сымалдар (барак куйрук чычкан, кош аяк, аламандар ж. б.) бөлүнөт. Көп түрү талаа ж-а токойлуу талаада жашайт. Көпчүлүгү өсүм­дүк, курт-кумурска, айрымдары балык м-н, кээ бири ылгабай азыктанат. Жер жүзүндө 2000дей түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө 14–15 ту­куму, 150гө жакын түрү, Кыргызстанда 31 түрү кез­дешет. Көпчүлүк кемирүүчүлөр адам үчүн коркунучтуу оору­лардын козгогучун алып жүрүшөт. Кээ биринин териси өтө баалуу (куну, тыйын чычкан, он­датра ж. б.). | ||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
09:56, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕМИРҮҮЧҮЛӨР (Rodentia) – сүт эмүүчү жаныбарлар түркүмү. Дене узундугу 5–130 смге, салмагы 5 кгдан 60 кгга жетет. Алдыңкы буттары 5 же 4 манжалуу, арткысы 3–4–5 манжалуу.
Ортоңку 2 жуп кашка тиши курч, чоң, дайыма өсүп турат. Катуу өсүмдүктү майдалайт. Кыл-

кыйма тиштери жок. Кемирүүчүлөр бардык табигый аймактарда таралган. КМШ өлкөлөрүнүн фаунасындагы сүт эмүүчүлөрдүн жарымынан көбүн түзүп, ар түрдүү ж-а көп санда мелүүн ж-а субтропик алкактардын, айрыкча кургакчыл аймактардын ачык жерлеринде таралган. Аяктарынын түзүлүшү ийин казууга, сүзүүгө, кош буттап жүрүүгө (кош аяктар), жармашууга ж-а учууга (учкуч тыйын чычкан) ыңгайланган, кемирүүчүлөр – тукумчул жаныбарлар. Тиричилигин жер үстүндө (жарганаттар, келестер ж. б.), жер астында (буроо баш, сокур момолойлор ж. б.), сууда (куну, ондатра ж. б.), даракта (тыйын чычкан, барак куйрук чычкан ж. б.) ж-а жерде өткөрөт. Алардын ийин казуусу кыртыш пайда кылууга чоң таасир тийгизип, өсүмдүктүн түшүмүн жогорулатат. Азыркы жашаган кемирүүчүлөр 3 түркүмчөгө: тыйын чычкан сымалдар (куну, келестер ж. б.), чүткөр сымалдар (дарак чүткөрү, доңуз чычкан, суу доңузчасы ж. б.) ж-а чычкан сымалдар (барак куйрук чычкан, кош аяк, аламандар ж. б.) бөлүнөт. Көп түрү талаа ж-а токойлуу талаада жашайт. Көпчүлүгү өсүмдүк, курт-кумурска, айрымдары балык м-н, кээ бири ылгабай азыктанат. Жер жүзүндө 2000дей түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө 14–15 тукуму, 150гө жакын түрү, Кыргызстанда 31 түрү кездешет. Көпчүлүк кемирүүчүлөр адам үчүн коркунучтуу оорулардын козгогучун алып жүрүшөт. Кээ биринин териси өтө баалуу (куну, тыйын чычкан, ондатра ж. б.).