КЕМБРИЙ МЕЗГИЛИ (СИСТЕМАСЫ): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕ́МБРИЙ МЕЗГИЛИ (СИСТЕМАСЫ)</b> – палеозой | <b type='title'>КЕ́МБРИЙ МЕЗГИЛИ (СИСТЕМАСЫ)</b> – палеозой заманынын башталышындагы мезгил. 1835-жылы англиялык геолог А. Сэжвик өзүнчө мезгилге бөлгөн. Улуу Британиядагы Уэльс аймагынын латынча эски аты (Камбрия) м-н атаган. Мезгил мындан 570 млн жыл мурда, венд комплексинен кийин баш­талып, ордовик мезгилине чейин созулган (70 млн жыл). Тоо тек катмары астынкы, ортоңку, үстүнкү болуп, 3 бөлүмдөн турат. Кембрийдин башталышында жер бетинин көпчүлүк бөлүгүн деңиз суусу каптап, фаунага бай чөкмөлөр (акиташ) калың катмарга айланган. Кызыл түстүү терригендүү акиташтар, туздар орун алган. Мезгилдин орто ченинде ж-а аягында суу тартылып, лагуна чөкмөлөрү пайда болгон. Мурдагы тектоникалык түзүлүштөр (байыркы платфор­малар, байкал бүктөлүү циклинен келип чык­кан геосинклиналдуу аймактар) мезгилдин орто­сунда өзгөрүүгө дуушар болгон. Геосинклинал­дуу аймактардан чөкмө тектер, эффузивдер, ин­трузиялар, платформалардан анчалык чоң эмес диабаздар орун алган. Мезгилдин башталышын­да скелеттүү организмдер: археоциаттар, гас­троподдор, радиолярийлер, былпылдыктар, бра­хиоподдор, хиолиттер, кийинчерээк трилобит­тер, остракодалар, пелециподдор бардык жерге тараган. Мезгилдин аягында трилобиттер, ба­лырлар басымдуулук кылган. Кембрийдеги тоо тектер дүйнө жүзүнүн бардык бөлүгүндө (Урал, Кавказ, Казакстан, Орто Азия ж. б.) кеңири тара­ган. Фосфорит (Казакстан, Моңголия, Кытай), туз (Сибирь платформасы, Индия), нефть (Ир­кут облусу, Балтика бою), коргошун (Түндүк Афри­ка), марганец (Кузнецк Ала-Тоосу), ванадий (Кыргызстан, Казакстан) кендери кездешет. | ||
заманынын башталышындагы мезгил. 1835- | |||
үстүнкү болуп, 3 бөлүмдөн турат. | |||
Кембрийдин башталышында жер бетинин | |||
Ад.: Стратиграфия СССР. Т. 3. Кембрийская система/Под ред. Н. Е. Чернышевой. М., 1965; <i>Роза­нов А. Ю. и др.</i> Томмотский ярус и проблемы нижней границы кембрия. М., 1969; <i>Жамойда А. П.</i> Совре­менные проблемы международной (общей) стра­тиграфической шкалы //Литосфера. 2005, № 1 (22). | |||
Ад.: Стратиграфия СССР. Т. 3. Кембрийская система/Под ред. Н. Е. Чернышевой. М., 1965; <i>Роза­нов А. Ю. и др.</i> Томмотский ярус и проблемы нижней границы кембрия. М., 1969; <i>Жамойда А. П.</i> Совре­менные проблемы международной (общей) стра­тиграфической шкалы //Литосфера. 2005, | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
05:28, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕ́МБРИЙ МЕЗГИЛИ (СИСТЕМАСЫ) – палеозой заманынын башталышындагы мезгил. 1835-жылы англиялык геолог А. Сэжвик өзүнчө мезгилге бөлгөн. Улуу Британиядагы Уэльс аймагынын латынча эски аты (Камбрия) м-н атаган. Мезгил мындан 570 млн жыл мурда, венд комплексинен кийин башталып, ордовик мезгилине чейин созулган (70 млн жыл). Тоо тек катмары астынкы, ортоңку, үстүнкү болуп, 3 бөлүмдөн турат. Кембрийдин башталышында жер бетинин көпчүлүк бөлүгүн деңиз суусу каптап, фаунага бай чөкмөлөр (акиташ) калың катмарга айланган. Кызыл түстүү терригендүү акиташтар, туздар орун алган. Мезгилдин орто ченинде ж-а аягында суу тартылып, лагуна чөкмөлөрү пайда болгон. Мурдагы тектоникалык түзүлүштөр (байыркы платформалар, байкал бүктөлүү циклинен келип чыккан геосинклиналдуу аймактар) мезгилдин ортосунда өзгөрүүгө дуушар болгон. Геосинклиналдуу аймактардан чөкмө тектер, эффузивдер, интрузиялар, платформалардан анчалык чоң эмес диабаздар орун алган. Мезгилдин башталышында скелеттүү организмдер: археоциаттар, гастроподдор, радиолярийлер, былпылдыктар, брахиоподдор, хиолиттер, кийинчерээк трилобиттер, остракодалар, пелециподдор бардык жерге тараган. Мезгилдин аягында трилобиттер, балырлар басымдуулук кылган. Кембрийдеги тоо тектер дүйнө жүзүнүн бардык бөлүгүндө (Урал, Кавказ, Казакстан, Орто Азия ж. б.) кеңири тараган. Фосфорит (Казакстан, Моңголия, Кытай), туз (Сибирь платформасы, Индия), нефть (Иркут облусу, Балтика бою), коргошун (Түндүк Африка), марганец (Кузнецк Ала-Тоосу), ванадий (Кыргызстан, Казакстан) кендери кездешет.
Ад.: Стратиграфия СССР. Т. 3. Кембрийская система/Под ред. Н. Е. Чернышевой. М., 1965; Розанов А. Ю. и др. Томмотский ярус и проблемы нижней границы кембрия. М., 1969; Жамойда А. П. Современные проблемы международной (общей) стратиграфической шкалы //Литосфера. 2005, № 1 (22).