КЕЛИН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕЛИН</b> , к е л и н а л у у – 1) уулунун же инисинин аялы; жалпы эле өзүнөн кичүү туу­гандарынын (инилеринин) аялы, келинчеги; 2) турмушка жаңы чыккан келинчек. Келин алуу атайын каада, жөрөлгөлөр менен коштолот. Келин кел­генде үйдөгүлөр сыртка чыгып, ун, дан, боорсок, таттуулардан чачыла чачышып, | <b type='title'>КЕЛИН</b> , к е л и н а л у у – 1) уулунун же инисинин аялы; жалпы эле өзүнөн кичүү туу­гандарынын (инилеринин) аялы, келинчеги; 2) турмушка жаңы чыккан келинчек. Келин алуу атайын каада, жөрөлгөлөр менен коштолот. Келин кел­генде үйдөгүлөр сыртка чыгып, ун, дан, боорсок, таттуулардан чачыла чачышып, келиндин оозу­на май салышкан. Үйгө келинди абышкасы кай­тыш болбогон, очор-бачар, нускалуу байбиче баштап кирет. Келин босогону аттаганда үйгө жүгү­нүп кирет, отко май тамызылат. Бул келиндин бас­кан жолу жакшы болсун деген тилек, каалоо. Андан кийин кайын энеси (же башка аял) келинге ак жоолук салат. Күйөөсү жок аял келинге жоолук салбайт. | ||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
03:12, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕЛИН , к е л и н а л у у – 1) уулунун же инисинин аялы; жалпы эле өзүнөн кичүү туугандарынын (инилеринин) аялы, келинчеги; 2) турмушка жаңы чыккан келинчек. Келин алуу атайын каада, жөрөлгөлөр менен коштолот. Келин келгенде үйдөгүлөр сыртка чыгып, ун, дан, боорсок, таттуулардан чачыла чачышып, келиндин оозуна май салышкан. Үйгө келинди абышкасы кайтыш болбогон, очор-бачар, нускалуу байбиче баштап кирет. Келин босогону аттаганда үйгө жүгүнүп кирет, отко май тамызылат. Бул келиндин баскан жолу жакшы болсун деген тилек, каалоо. Андан кийин кайын энеси (же башка аял) келинге ак жоолук салат. Күйөөсү жок аял келинге жоолук салбайт.