КОНГО: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КО́НГО , К о н г о Д е м о к р а т и я л ы к Р е с п у б л и к а с ы (КДР) – Борб. Африкадагы мамлекет. Батышында Атлантика океанына чыгат. Түндүгүндө Борб. Африка Респ. ж-а Судан, чыгышында Уганда, Руанда, Бурунди ж-а Танзания, түштүгүндө Замбия, Ангола, батышында Конго Респ. м-н чектешет. Аянты 23,448 миң км2 (Африкада чоңдугу б-ча Судан, Алжирден кийинки 3-өлкө). Калкы 64,1 млн

(2008). Борбору – Киншаса. Расмий тили – француз тили; улуттук тилдери – киконго (конго),
лингала, суахили, чилуба (луба). Акча бирдиги – конго франкы. Адм.-айм. жактан 11 провинцияга бөлүнөт.
К. – БУУнун (1960), Африка союзунун (1963;
2002-ж. чейин Африка биримдиги уюму), ЭВФ-тин (1963), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1997) мүчөсү.
2005-жылкы Конституция б-ча үч жылдык өтмө мезгил аяктагандан ж-а «Борбордон ажыратуу жөнүндө» мыйзам кабыл алынгандан кийин 2009-ж. адм.-айм. реформа жүргүзүү каралып, ал б-ча өлкө төмөнкү 26 провинцияга бөлүнмөкчү: Борб. Касаи, Борб. Конго, Жогорку Ломами, Жогорку Уэле, Жогорку Катанга, Итури, Касаи, Кванго, Квилу, Киншаса, Ломами, Луалаба, Маи-Ндомбе, Маниема, Монгала, Санкуру, Танганьика, Төмөнкү Уэле, Түн. Киву, Түн. Убанги, Түш. Киву, Түш. Убанги, Тшопо, Чуапа, Чыгыш Касаи, Экватордук.
Мамлекеттик түзүлүшү
. К. – унитардык мамлекет. Конституциясы 2005-ж. 18–19-декабрда референдумда кабыл алынган. Башкаруу формасы– президенттик республика. Мамлекет башчысы – жалпы жашыруун добуш м-н 5 жылга шайланган президент (1 жолу кайра шайланууга укуктуу). Президент өкмөттү башкарат ж-а куралдуу күчтөрдү жетектейт. Мыйзам чыгаруучу бийликтин жогорку органы – кош палаталуу парламент. Төмөнкү палатасы – Улуттук чогулуш (500 депутаттан турат). Жогорку палатасы – Сенат (108 депутаттан турат). Парламент 5 жылга шайланат. Аткаруу бийлигин президент ж-а премьер-министр жетектеген өкмөт ишке ашырат. Премьер-министр ж-а министрлер президент тарабынан дайындалат. К-до көп партиялуу система орун алган. Белгилүү партиялар: Калыбына келтирүү ж-а демократия үчүн элдик партия, Бириккен лумумбия партиясы.
Табияты
. Өлкөнүн борб. ж-а батыш бөлүктөрү туюк Конго ойдуңун ж-а аны курчаган тоо капталдарын ээлейт. Аны түндүктөн түштүктү карай Конго д. кесип өтөт. Конгонун ортонку агымында байыркы көл-аллювий түздүгү (300– 380 м бийиктикте) пайда болгон. Ойдуңдун таманы Конгонун ж-а анын куймаларынын жайылмасынан бир аз гана бийик жайгашкандыктан, аны дайыма суу каптап турат, басымдуу бөлүгүн саз ээлейт. Ойдуңдун чет-жакаларын бийикт.500–600м,түштүгүндө1200мгежеткен платолор курчайт. Конго д-нда шаркыратмалар (Ливингстон ж. б.) ж-а босоголор көп. Түндүгүндө цоколдук түздүктөр, Азанде платосу, түштүгүндө Лунда платосу, түш.-чыгышында Митумба тоолору, тектон. ойдуңдар м-н бөлүнгөн платолор жайгашкан. Өлкөнүн чыгыш чет-жакасы – Чыгыш Африка бөксө тоосунун этек тоолорун камтыйт. Өлкөнүн чыгыш жагын чектей Чыгыш Африка жаракалар (рифт) зонасы созулуп жатат. Ал зонанын чет-жакаларында бийикт. 2000–3000 мге жеткен Митумба, Угома тоолору жайгашкан; өлкөнүн эң бийик жери – Рувензори горст массиви, 5109 м (Маргерита чокусу). Вирунга тоолорунда аракеттеги жанартоолор (Ньямлагира, Ньирагонго) бар. Грабендердин тамандарын ири тектон. көлдөр (Альберт, Эдуард, Киву, Танганьика, Мверу ж. б.) ээлейт. Тектон. жактан К-нун аймагын кембрийге чейинки Африка платформасы ээлейт. К. кен байлыкка бай: кобальт (запасы б-ча дүйнөдө 1-орунда), калай, вольфрам (дүйнөдө алдынкы орунда), жез, цинк кенташтары (2-орунда), тантал (3-орунда), алмаз (4-орунда), германий, о. эле нефть, газ, көмүр, алтын, күмүш ж. б. К-нун аймагы экватор ж-а субэкватор климаттык алкактарында жайгашкан. Өлкөнүн 3° түш. кеңдик м-н 3° түн. кеңдиктин аралыгынан орун алган бөлүгүндө дайыма нымдуу климат өкүм сүрүп, жаан-чачын көп жааган 2 мезгил (марттан июнга чейин ж-а сентябрдан декабрга чейин) болот. Конго ойдуңунда ж-а аны курчаган

платолордо эң жылуу айдын (март же апрель) орт. темп-расы 26–27°С, эң суугунуку (июль же август) 23–25°С; темп-ранын суткалык амплитудасы жылдыкынан жогору, бирок 10–15°Сден
ашпайт. Жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү 1500–2000 мм. К-нун түн. бөлүгүнүн ж-а түн.
четинин климаты субэкватордук, жайы жаанчачындуу, кышы кургакчыл; кургакчыл мезгилдин узактыгы өлкөнүн түн. чек арасына жакын
2–3 айга (декабрь–февраль), түштүгүндө 5–7 айга
(апрель–майдан ноябрга чейин) созулат. Темпранын жылдык амплитудасы экватордукуна караганда жогору; суткалык амплитуда көбүнчө 20°Сден ашат. Темп-ранын максимуму жаанчыл мезгил башталарда байкалат (түндүгүндө 28°Сге, түштүгүндө 24°Сге чейин); кышкы орт. темп-ра түндүгүндө 24°С, түштүгүндө 18°С. Экватордон алыстаган сайын жаан-чачындын өлчөмү түн.
чет-жакасында 1300–1500 ммге, түш. четинде
1000–1200 ммге чейин азаят. К-нун чыгыш бөлүгүнүн тоолуу аймактарында темп-ранын жылдык амплитудасы 1–2°Сге чейин гана; 1500 м
бийиктикте жылдык орт. темп-расы 20°С, салыштырмалуу нымдуулугу жогору. Тоолордун айдарым капталдарында жылына 2500 ммге (Рувензоринин капталдарында 4000 ммге) чейин жаан-чачын жаайт.
Дарыя тармагы өтө жыш ж-а суусу мол. Аймагынын 9/10
бөлүгүнөн ашыгы Конго д-нын,
чыгышындагы бир аз жери Нилдин алаптарына кирет. Ири дарыялары: Конго ж-а анын оң (Луфира, Лувуа, Арувими, Итимбри, Монгола,

Убанги), сол (Ломами, Лулонга, Руки, Ква) куймалары. Чыгышында Альберт, Эдуард, Киву, Танганьика, Мверу көлдөрү жайгашкан. Конго ойдуңунда ири тайыз көлдөр (Ман-Ндомбе, Тумба) бар. К. суу м-н камсыз болуусу (жылына киши башына 1283 м3 суу туура келет) б-ча Африкада 1-орунда; гидроэнергетикалык ресурстары (44 миң МВт) б-ча алдынкы орундардын бирин ээлейт.
Өлкөнүн 58% аянтын токой, 25%ин саванна,
сейрек токой ж-а кылкандуу өсүмдүктөр ээлейт. Конго ойдуңунда бузулбаган дайыма жашыл экватор токоюнун (гилея) аянты б-ча дүйнөдө экинчи орунду ээлейт. Өсүмдүктөрүнүн мүнөзү нымдуулуктун ж-а рельефтин өзгөчөлүктөрүнө
байланыштуу. Конгонун ортонку агымындагы батыш түзөң бөлүгүн саз ж-а дайыма суу каптап туруучу токой ээлейт; ал тоо капталдарында дайыма нымдуу, дайыма жашыл экватор токою м-н алмашат. Токойдо дарактын баалуу породалары көп, алар: кызыл, сары, эбен дарактары, лимба, агба, ироко, о. эле май пальмасы, каучуктуу дарактар ж. б. Түндүгүндөгү, батышындагы ж-а түштүгүндөгү тоо-дөңсөөлөргө парк сымал таралган өскүлөң саванна, дарыя
өрөөндөрүнө галерея токою мүнөздүү. Түш.-чыгышында (Катанга провинциясында) жалбырагын күбүүчү саванналуу миомбо токою таралган. Тоолуу чыгыш бөлүгүнө бийиктик алкактуулук мүнөздүү: тоонун нымдуу дайыма жашыл токою (3000–3500 м бийиктикте) жогору
карай бамбук токою, африка-субальп (дарак сымал вереск басымдуулук кылат), африка-альп (крестовниктүү, лобелиялуу) алкактары м-н алмашат.
Гилеянын астында калың кызыл-сары ферралит, суу каптап турган саздуу токойдун астында гидроморфтук латериттүү глей, жалбырагын күбүүчү сейрек токойдун астында феррозём, саваннанын астында – кызыл ферралит топурактары өөрчүгөн. Биол. ар түрдүүлүгүнүн деңгээли өтө жогору: татаал өсүмдүктөрүнүн 11 миң (анын 10%и эндемиктер), сүт эмүүчүлөрдүн 450,
куштардын 1150, сойлоочулардын 300дөн, жерде-сууда жашоочулардын 200дөн, балыктын 100дөн ашык түрү бар. Түздүктөрдөгү токойду африка токой пили, токой дукери, окапи, токой доңузу, приматтар, тоолуу аймактарды тоо горилласы, саздуу жээктерди бегемот, крокодил,
саванна ж-а сейрек токойду – антилопа, африка жанышы, зебра, жираф, керик мекендейт. Жырткычтардан арстан, гепард, леопард, чөө, темгил көк жал ж. б. кездешет.
Коммерциялык жыгач даярдоодон ж-а а. ч. жерин кеңейтүүдөн ө лкө нүн токой аянты 0,4%ке чейин кичирейген. Конгонун ортонку агымындагы жетүүгө татаал саздуу токой антропогендик таасирге анча дуушарланган эмес; ал эми К-нун чыгышындагы тоо токою (анда калк жыш отурукташкандыктан) көп өзгөрүүгө дуушар болгон. Биол. ар түрдүүлүктүн азайышы браконьердикке, о. эле өлкөдөгү куралдуу кагылышуу кырдаалына байланыштуу. Татаал
өсүмдүктөрдүн 55, сүт эмүүчүлөрдүн 40, куштардын 28 түрү жоголуу алдында турат. Өлкөнүн жээк аймактарында нефть м-н булгануу байкалат. К-до жалпы аянты 8,3%ке жеткен 83 аймак коргоого алынган. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Вирунга (1979-ж. уюшулган), Кахузи-Биега (1980), Гарамба (1980), Салонга (1984) улуттук парктары, Окапи улуттук резерваты (1996) кирген. Эл аралык маанидеги коргоого алынган суу-саз мейкиндиги 866 миң га жерди ээлейт; анда куштар уя салып, кыштайт.
Калкы
. К-нун калкынын көбү (85%и) бантулар (луба, конго, нгала, монго теке, яка ж. б.); түндүгүндө ж-а чыгышта убанги (7%), түн.-чыгышында нил-сахара (10,1%и) тилдеринде сүйлөгөн элдер жашайт. Калктын табигый өсүүсү 3,1%. Төрөлүү (1000 адамга 43 бала) өлүм-житимден (11,9%) үч эсе ашык. Өлкөдө жаш курактагылар басымдуулук кылат; орт. курагы 16,3 жыл. Курактык курамында өспүрүмдөрдүн (15 жашка чейинкилердин) үлүшү 47,1%, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 50,4%, 65тен ашкандар 2,5% (2008). Калктын өмүрүнүн күтүлгөн орт. узактыгы 54 жыл (эркектердики 52,2, аялдардыкы 55,8 жыл (2008).

Калк өлкөнүн батыш чет-жакасында (орт. жыштыгы борб. провинцияга 1 км2 жерге 960тан ашык, төмөнкү Конго провинциясында 78,4 адам) ж-а чыгышында (Түн. Киву провинциясында 97,4, Түш. Кивуда 67,3 адам); калк эң сейрек отурукташкан аймак – Катанга провинциясынын түш.-чыгышы 1 км2 жерге 9,8 адам. Шаар калкы 32%тей. Ири шаарлары (2008): Киншаса (9167 миң), Лубумбаши (1628 миң), Мбужи-Майн (1474 миң), Колвези (932,3 миң), Кисангани (592,2 миң), Бома (508,3 миң), Кананга (507,8 миң), Ликаси (496,6 миң). Экон. активдүү калкы 15 млн адам (2006); иштегендердин 65%и а. ч-нда, 19%и тейлөө чөйрөсүндө, 16%и ө. ж-нда эмгектенет. Калкынын 40–55%и католиктер, 20–42%и протестанттар (лютерандар, англикандар ж. б.), 10%тейи африка-христиансинкреттик динди тутат, 10%и мусулмандар.
Тарыхы
. Касаи, Луалаба, Луапула д-нын жогорку агымында табылган таш куралдар К. аймагында эрте палеолит ж-а Ашель доорунда эле адам жашаганын далилдейт. Ортонку таш доорунда тумбий мад-ты (Санго мад-нын бир түрү; 55–45 миң жыл мурда), Лупембе мад-ты (30–15 миң жыл мурда), соңку таш доорунда читоль мад-ты (15–3 миң жыл мурда) Киншаса ш-нын чет жакаларында ж-а Бена-Читоле платосунда өнүккөн. Катанга провинциясында табылган металлды кайра иштетүү очогу (метеорит темири; б. з. ч. 5-к-дын ортосу) Африкадагы кара металлургиянын байыркы борборлорунун бири деп божомолдонот. К-нун байыркы калкы пигмейлер, сан (бушмендер) ж-а кой-коин (готтентоттор) болгон. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын башында бантулар аларды токойлуу райондорго сүргөн. 9-к-дын башында Катанга провинциясынын түндүгүндө Кисале мад-тына таандык алгачкы саясий түзүлүштөр пайда болгон. 13– 16-к-да К. аймагында Конго, Матамба, Нгойо, Куба, Луба, Лунда, Касонго мамл. бирикмелери (кээде империялар ж-а королдуктар деп да аталат) түзүлгөн. 1480-жылдары Д. Кан жетектеген португалдар К-го келе баштап, 16-к-да Конго д-нын сол жээги португалдардын кул сатуучу аймагына айланган. Жерг. калк бир нече жолу португалдарга каршылык көрсөтүшкөн. Конгодо күчтүү башкаруучунун бийлиги астында бирдиктүү мамлекетти калыбына келтирүүнү көздөгөн, европалыктарга каршы кыймыл (1703) пайда болуп, 1706-ж. куралдуу көтөрүлүшкө айланган. 1709-жылдын башында конголук ак-сөөктөр көтөрүлүштү басышкан. Кул сатуунун өнүгүшү, ич-ара согуш, децентрализация региондогу мамлекеттин кулашына алып келген. 19-к-дын аягында К. аймагы европ. мамлекеттердин атаандашуу объектисине айланган. 1876-ж. Бельгия королу Леопольд IIнин жетекчилиги м-н Эл аралык африкалык ассоциация (1880-ж. Эл аралык Конго ассоциациясы деп аталган), 1878-ж. «Жогорку Конгону изилдөө боюнча комитет» бельгиялык компаниясы түзүлгөн. Королдук эмиссарлар жерг. уруу башчылар м-н келишим түзүп, анын негизинде король Леопольд II Конго д-нын сол жээгин көзөмөлгө алган. 1884–85-ж. Берлин конф-ясы Леопольд IIни «Көз карандысыз Конго мамлекетинин» (ККМ) башкаруучусу деп тааныган. ККМнин негизги экспорттук тармагы каучук болгондуктан, Леопольд II өлкөнүн жалпы аянтынын 50%ин жеке компанияларга берип, каучук иштетүүгө монополия түзүп, жерг. калктан каучук түрүндө салык алган. 1890-ж. т. ж. курула баштаган. 1888-ж. ККМда «Форс пюблик» колониялык армия уюшулуп, 1894-ж. аскердик кызмат өтөө киргизилген. 20-к-дын башында Леопольд IIнин режимине каршы күрөш башталып, 1908-ж. 15-ноябрда Леопольд II ККМны Бельгия колониясындагы – Бельгиялык Конго (БК) деп өзгөртүү ж-дө декретке кол коюуга мажбур болгон. 1-дүйнөлүк согуш жылдарында БКнын колониялык аскерлери британиялык ж-а фр. союздаштар м-н бирге Танганьика көлү, Камерун, Руанда-Урунди аймактарындагы согуштук аракеттерге катышкан. БКда европ. ири компаниялардын кен казып алуу иштеринин натыйжасында тоо-кен иштетүү ө. ж., транспорт системасы, энергетика өнүгүп, Катанга, Киву провинцияларында ж-а Леополь -