КОНГЛОМЕРАТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОНГЛОМЕРА́Т г е о л о г и я д а – тоголок, жумуру, сүйрү таштардын биригип камдашып, цементтелген түрү. Чөкмө тектерге кирет. Кесек бөлүкчөлөрдүн чоңдугу 1–10 смге жетет. Темир кычкылы, карбонат, чопо, кремний м-н цемент­телет. Кээде кум, сайташ кездешет. Кесек тал­каланган жумуру, тоголок бөлүкчөлөрдүн ку­рамына карата мономиктүү (бир түрдүү тектер­ден турган), пайда болушу б-ча аллювий, про­лювий, көл ж-а деңиз чөкмөлөрү болуп бөлүнөт. Бардык геол. мезгилдерде кездешет. Катмар пай­да кылышы байыркы доорлордогу тектердин талкаланышын билгизет. Курулуш материалы болуп саналат. Айрым учурда цементтеринин курамында алтын, платина ж. б. чачыранды кендер жолугат.