КОНВЕРГЕНЦИЯ ТЕОРИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОНВЕРГЕ́НЦИЯ ТЕОРИЯСЫ – коомдук түзү­лүшү ар кандай мамлекеттердин ортосундагы экон. ж-а саясий айырмачылыктар акырындап жоюлуп, алар бири бирине кошулушат деген саясий теория. К. т. 20-к-дын 50–60-жылдарын­да пайда болгон. Анын чыгышына ил.-тех. рев-яга байланыштуу жеке (майда) өндүрүштүн ирилештирилиши, мамлекеттердин өндүрүштө экон. ролунун өсүшү, өлкө масштабы б-ча план­доо элементтеринин киргизилиши таасир тий­гизген. К. т-н мына ушул процессти чагыл­дыруудан келип чыккан концепция катары кароого болот. К. т-нын өкүлдөрү (Ж. Гелбрейт, АКШ; Р. Арон, Франция; Я. Тинберген, Ни­дерланд ж. б.). СССР күчтүү мезгилинде эле ка­питализм м-н социализм катарлаш өрчүп оту­руп, бири бири м-н жакындашып, ал экөөнүн ортосунан жаңы коом пайда болот деген тыя­нак чыгарышкан. СССРдин, бүткүл соц. систе­манын кыйрашы м-н К. т. өзүнүн ил. маани­син жоготту.