КОНАКРИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КО́НАКРИ – Гвинея Респ-нын борбору. Адм. жактан өзгөчө зонага бөлүнгөн. Өлкөнүн батыш бөлүгүндө, Атлантика океанынын жээгинде, Томбо а-нда (материк м-н дамба аркылуу бай­ланышат) ж-а Калум ж. а-нда жайгашкан. Кал­кы 1,8 млн (2008). Эл аралык аэропорту бар. Деңиз порту. Шаар 1884-ж. француздар тарабы­нан негизделген. 1895–1958-ж. Француздук Гви­неянын, 1958-жылдан көз каранды эмес Гви­нея Респ-нын адм. борбору. Учурда өлкөдөгү ири шаар ж-а негизги порт (дээрлик сырткы соода жүргүзүлөт). К. – Гвинеянын ири ө. ж. борбору.
Тамак-аш (а. и. жемиш ширелери ж-а суусун­дуктар, консервалар, өсүмдүк майлары, пиво), хим. (ацетилен, пластмасса буюмдары), тек­стиль, жыгаччылык, эмерек, тамеки ө. ж. ишка­налары, кыш з-ду иштейт. Ун-т, политех. ин-т (Батыш Африкадагы эң ири), улуттук китепка­на, улуттук музей (экспонаттардын бай кол­лекциясы), улуттук иск-во мектеби (1966) бар. К-де 1970-жылдан улуттук фестивалдар (иск-во ж-а маданий) өткөрүлүп турат. Шаарга жа­кын жерден темир, боксит ж-а гранит казылып алынат.