КОМСОМОЛ 3: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОМСОМО́Л (1940-ж. чейин К ы п ч а к - А б а д) – Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нунда­гы кыштак. Барпы атн. айыл округунун борбо­ру. Деңиз деңг. 730 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Сузак кыш-нан 11 км чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 3 км ара­лыкта. Кыштак 1927-ж. негизделген. Калкы 2380 (2008); негизинен дыйкан чарбаларында эм­гектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, мад-т үйү, амбулатория бар. Байланыш ж-а соо­да түйүндөрү, тамактануу жайлары, үрөнчүлүк чарбасы иштейт.