КОМПОСЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОМПОСЕ́ (лат. compositus – үлүштүү) – түрдүү орг. заттардын аралашмасынын микроорганизм­дердин таасири м-н чиришинен алынган жер семирткич. К-тоо үчүн шакел, чым көң, кык, чыла, таштандылар пайдаланылат. К. семирт­кичте сиңимдүү азык заттар (азот, фосфор, ка­лий ж. б.) көбөйүп, илдет пайда кылуучу мик­рофлора м-н гельминттен зыянсыздандырылат, целлюлоза, гемицеллюлоза ж-а пектин затта­ры азайып, жер семирткичтин физ. касиети жакшырат. К-тун чым көң-кык, чым көң-чыла, кык-фосфорит, кык-суперфосфат сыяктуу бир нече түрү бар. Шаар таштандыларынан да К. даярдоого болот. К. бардык эгилме өсүмдүк үчүн түрдүү топуракта (гектарына 15–40 т) колдо­нулат.