КОМПЛЕКСТҮҮ АВТОМАТТАШТЫРУУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОМПЛЕКСТҮҮ АВТОМАТТАШТЫРУУ – жалпы бир башкарууга бириктирилген ар түрдүү автоматтык түзүлүштөрдүн жардамы м-н берилген программалар ж-а режимдер аркылуу материалдарды иштетүү б-ча операциялардын жалпы комплекси; автоматтык машиналардын ж-а технол. агрегаттардын системасы м-н аткарылуучу өндүрүштү автоматташтыруу этабы. К. а-да технол. процессти башкаруудагы адамдын милдетине процесстин жүрүшүн байкоо, анын көрсөткүчтөрүн талдоо ж-а жабдуулардын эң жакшы иштөө режимин тандоо кирет. К. а. өндүрүштүк процессти башкарууну борборлоштурууга, иштеген адамдын санын азайтууга, жабдуулардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, продукциянын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет. К. а. – автомат-заводдорду ж-а автомат-цехтерди түзүү даражасына жеткен өндүрүштү толук автоматташтырууга өтө турган баскыч.