КОММУНИЗМ ЧОКУСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОММУНИ́ЗМ ЧОКУСУ (1962-ж. чейин Сталин атн. чоку) – Памирдин эң бийик чокусу, Илимдер Академиясы кырка тоосунда (Пётр Биринчи кырка тоосу м-н ашташкан жерде). Бийикт. 7495 м. Капталдарында жалпы аянты 136 км2ге жеткен ири фирн талаалары, мөңгүлөр (Бивачный, Гармо, Памир фирн платосу) бар. Альпинизм өнүккөн; чокуга алгачкы жолу (1933) сов. альпинист Е. М. Абалаков чыккан. Тажикстанда. 1999-ж. тажик мамлекеттүүлүгүнүн алгачкы негиздөөчүсү Исмаил Саманинин аты берилген.