КОММЕНСАЛИЗМ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОММЕНСАЛИ́ЗМ (лат. commensalis – табакташ) – табияттагы бир түрдөгү организмдердин башка бир түрдүн эсебинен, аларга зыян келтирбей жашоосу (азыктануу же чөйрө катары пайдалануусу). Мис., эки түрдүн популяцияларынын особдорунун бири-бири м-н болгон мамилелеринде бир түр үчүн пайдалуу, ал эми экинчи бир түр үчүн пайдасы да, зыяны да жок мамилелер. Жаныбарлардын өз ара мамилелеринин мүнөзүнө карата К. үчкө бөлүнөт: 1) комменсал башка түрдөгү организмдерди азык катары пайдаланат, мис., качкын-рак ээлеген үлүлдүн ичинде муунак курт жашап, рактын азыгынын калдыктарын жейт; 2) комменсал башка түрдөгү организмге биротоло же убактылуу жармашып жүрөт, мис., жабышкак балык соргуч сүзгүчтөрү м-н акула ж. б. ири балыктарга жабышып, алар м-н кошо сүзүп жүрөт; 3) комменсал ээсинин органдарынын ичинде жашайт, мис., баканын арткы ичегисинде жашаган айрым инфузориялар ж. б.