КОМБАЙН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОМБА́ЙН (англ. сombine, сөзмө сөз – бирик­тирүү, туташтыруу) – бир эле мезгилде ар кан­дай операцияларды аткаруучу татаал агрегат.
К-дын төмөнкүдөй түрлөрү бар: дан К-ы, жүгөрү

К-ы, силос К-ы, кен казуучу тоо-кен комбайны ж. б. Д а н К-ы – дан эгиндерин чаап, басты­рып, саман, топонун чөмөлөп кетүүчү машина. К-ды атайын кошумча шайман м-н жабдып, ча­нактуу, тех. ж. б. өсүмдүктөрдү чаап, бастыруу­га болот. К-дын чиркелме, асма ж-а өзү жүрүүчү түрлөрү бар. Чиркелме К-дын иштөөчү тетикте­ри К-га орнотулган кыймылдаткычтын же трак­тордун кубат берүүчү валынын жардамы м-н иштейт. Өзү жүрүүчү К. өз кыймылдаткычы м-н иштейт. Асма К. өзү жүрүүчү шассиге орно­тулат. К. жантайма камералуу хедер, дан чап­кыч, бастыргыч, тазалагыч, кызылдагыч, транс­портёр, бункер, чөмөлөгүч, жүрүү системасы (же­телөөчү алдынкы дөңгөлөк ж-а арткы башка­руучу дөңгөлөк), кыймылдаткыч кабина, электр ж-а гидрожабдуулар, башкаруу ж-а сигнал бе­рүү тетиктеринен турат. Алгачкы К. АКШда 19- к-дын аягында жасалган. Ал жыгачтан жасал­ган, эпсиз, оор болуп, 20–30 ат чегилген. К. 20- к-дын башында өркүндөтүлүп, жыгач – металл м-н, ат – локомобиль, трактор м-н алмашты­рылып, кыймылдаткыч орнотулган. СССРде С-6, өзү жүрүүчү С-ряк», СК-5, «Нива», СК -6, «Колос», «Дон-1200», «Дон-1500» ж. б. К-дар чыгарылган. Бул К-дар­дын базасында чанактуу дан өсүмдүктөрүн жый­ноочу жалпак тамандуу СКП-4, шалы оруп-жы­юучу СКП-6Р, СКД-5Р, СК-5Р, о. эле НК-4 ж. б. асма К. жасалган.


Ад.: Сельскохозяйственная техника и технология /Под ред. И. А. Синицина. М., 2006.