КОЛЬЦОВКА КОЛТУГУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОЛЬЦО́ВКА КОЛТУГУ , Б у л у ң – Ысык-Көлдүн түш. жээгиндеги буйтка (булуңча). Бөкөнбаев кыш-нан 6 км түн.-чыгыш тарапта. Уз. 720 м, туурасы 700 м, тереңдиги ооз тарабында 45 м. Жээктери тик болгондуктан, толкун м-н шамал­дан ыктоо турат. Таманын баткак м-н шагыл каптаган. 35–40 м тереңдикке чейин «хара» ба­лыры өсөт. Буйтка (жээктери да) өтө терең бол­гондуктан, кышкысын тоңбойт. Суусунун 10°С темп-радан өткөн маалы жазында 19-майга, күзүндө 24-ноябрга туура келет. Чыгыш учунда кеме токтоочу жай бар.