КОЛЫМА ТҮЗДҮГҮ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОЛЫМА́ ТҮЗДҮГҮ – Якутиядагы аккумуляциялык зор түздүк. Түн.-Чыгыш Сибирде, Колыма д-нын төмөнкү агымында жайгашкан. Алазея ж-а Юкагир бөксө тоолорунун аралыгында 750 кмге созулуп жатат. Жеринин бети начар тилмеленген, деңиз деңг. 100–300 м бийикте, дөбөлүү. Бардык жеринде көп жылдык тоң ж-а жер алдындагы калың (50 м) муз катмарынын таралышы рельефтин тоң-термокарсттык формаларынын пайда болушуна шарт түзөт. Климаты катаал, кескин континенттик. Тайыз чакан көлдөр ж-а саздар көп. Табигый ландшафттарынын ичинен тайганын түн. чегиндеги саздашып, куурап бараткан кара карагайлуу сейрек токой, түндүгүндө токойлуу тундра (ольха бадалы, тал, кайың), о. эле кочкар тибиндеги тундра ж-а арктика ландшафттары м-н алмашат. Бугу жайыты, мергенчилик, балык уулоо өнүккөн.