КОЛПАКОВСКИЙ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОЛПАКО́ВСКИЙ МӨҢГҮСҮ – Тескей Ала-Тоонун түш. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги эң ири мөңгү. Сары-Жаз суусунун оң куймасы Үч-Көлдүн алабында жайгашкан. Уз. 10 км, туурасы 1–1,1 км, аянты 30,7 км2, калыңдыгы 90–120 м, абляцияcынын аянты 9,2 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4750 м, этеги 3660 м би- йикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300–4350 м. «Тилинин» калыңдыгы 50 м. Мөңгү 1869-жылдан бери 1300 мге тартылган. Мөңгүдөн башталган суу Үч-Көл суусунун жогорку агымы Сары-Чатка сол тараптан куят. Орус генералы Г. А. Колпаковскийдин ысмынан аталган.