КОЛОРИМЕТР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОЛОРИ́МЕТР (лат. color – түс ж-а ...метрия) – түс өлчөөчү ж-а аны сан жагынан туюнтуучу курал. К. визуалдуу ж-а фотоэлектрдик (объективдүү) деп бөлүнөт. Визуалдуу К. көрүү талаасынын биринчи жарымында өлчөнүүчү түс, экинчи жарымында куралдын үч негизги түсүнүн (кызыл, жашыл, көк) аралашмасы жайгашкан түстөрдү теңдөө жолу м-н өлчөйт. Түстү аныктоо аралашманын түстүк координаталарын өлчөө м-н ишке ашырылат. Фотоэлектрдик К-де өлчөнүүчү нурланууну талдоо ж-а түстүн координаталарын эсептөө м-н автоматташтырылган түрдө ишке ашырылат. Түстөрдү жогорку тактыкта өлчөө спектроколориметрлерде жүргүзүлөт. К. ар кандай тармактарда түрдүү материалдын ж-а продуктунун, жарык булагынын, жарык чыпкасынын, тележ-а кино сүрөттөлүштүн, полигр. ж-а токуу продукциясынын ж. у. с. түсүн көзөмөлдөөдө колдонулат.