КОЛОРАДО КОҢУЗУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОЛОРА́ДО КОҢУЗУ (Leptinotarsa decemli-
neata) – курт-кумурскалардын жалбырак жегичтер тукумундагы жандык; картөшкө ж. б. ит жүзүмдөр уруусундагы өсүмдүктөрдүн коркунучтуу зыянкечи. Дене уз. 9–12 мм, канатында 5тен
кара тактары бар, личинкасы 15 ммге жетет, кызыл же сары кызыл түстө. Европага Түн. Америкадан (Колорадо штаты) келген (1859).
Ургаачысы 2500гө чейин жумурткасын 15–20дан
топ-топ кылып, картөшкөнүн жалбырагынын

төмөн караган бетине таштайт. Андан 16–24 күндө личинка өсүп жетилет. Биринчи муундагы курту жалбырактын жумшак бөлүгүн, экинчиси өзөгүнөн башкасын жеп, картөшкөнү соолутуп, түшүмүн кескин азайтат. Жерг. шартка оңой көнүп, тез көбөйөт. Коңуздар ташылган жүк ж. б. аркылуу тарайт. Каршы күрөшүү чаралары: карантин чектөө, зыянкеч тараган аянтка полихлорпинен, кальций арсенаты, хлорофос, фталофос чачуу.