КОЛОННА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОЛО́ННА (фр. colonne– лат. columna – түркүк) – имаратты тиреп ж-а ага көрк берип туруучу арх­ралык түркүк. Жөнөкөй тирөөч катары пайда болуп– Байыркы Египет ж-а Байыркы Грекия иск-восунда көркөмдөлүп– классикалык форма­га ээ болгон. К. архитектуралык ордердин ку­рамына кирет ж-а имаратты тик абалда кар­моо үчүн кызмат кылат. К. таш– бышкан кыш–

Апамеядагы колоннада (Сирия). 2-к-дын экинчи жа­рымы.

бетон– болот– жыгач материалдардан жасалат. К-нын негизи– сөңгөгү– уч жагы (капители) бо­лот. Классикалык К-лардын уч жагы ичкерээк– орто жери (сөңгөгү) жоонураак болот. Арх-ра­лык эстелик түрүндө өз алдынча турган К-лар бар– алар ар кыл скульптуралык сүрөттөр– эсте­ликтер м-н кооздолот. Катар турган бир нече К. колоннада деп аталат. Кырг-нда Бишкек ш-нын айрым имараттарында, Балыкчы, Жа­лал-Абад ш-ларына кире бериште ж. б. жер­лерде К-лар тургузулган.