КОЛОНКАЛУУ БУРГУЛОО: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОЛОНКАЛУУ БУРГУЛОО – тоо тектери тегерек алкак түрүндө бургуланып, колонканын ичинде керн болуп сакталуучу бургулоо. Мында тектердин талкаланган майда бөлүкчөлөрү насос м-н жиберилген сууга аралашып, үңүлмөдөн агып чыгат. Бургулоодон пайда болгон керн түтүктүн ичинде, скважинанын тереңдигине жараша колонканы толтура берет. Кезеги келгенде кыпчыгыч м-н керн бек кыпчылат да, колонканы өйдө көтөргөндө үзүлүп кетет. Аны сыртка чыгарып алат. Бургулоочу аспаптар атайын шаймандын жардамы м-н иштейт. Көтөрөт, түшүрөт, айлантат, снаряддарды жылдырат. К. б. бек, катуу тектерди бургулоодо, кендерди чалгындоодо, инж.-геол. изилдөө иштеринде колдонулат.