КОЛЛИМАТОР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОЛЛИМА́ТОР [лат. collimo (collineo) – түз сызык б-ча багыттайм] – нурдун (электр-магнит нурлануусу) же бөлүкчөлөрдүн (атом, электрон, элементардык бөлүкчөлөр) ичке параллель топ агымын пайда кылуучу түзүлүш. К. фокалдык тегиздигинде жарыктандырылуучу нерсе жайгашкан объектив же томпок күзгүдөн турат. Объектив ж-а нерсе ичи карартылган түтүккө бекитилген. К-дон чыккан нурлардын жарыштыгы болжолдуу болот. Анткени нерсенин бир чекитинен чыккан нурлар объективдин аберрациясынын ж-а дифракциясынын натыйжасында өз ара өтө так параллель болушу мүмкүн эмес. Нерсеге таасир этүүчү фокустук аралык ж-а объективдин аберрациясын оңдоо сапаты, о. эле нерсенин формасы ж-а өлчөмү К-дун арналышына ж-а аны пайдалануу шартына жараша тандалат. К. астрономияда, спектр аспаптарында, ар кандай өлчөөчү, сыноочу оптика-мех. куралдарда колдонулат.