КОЛЛАПС: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОЛЛА́ПС (лат. collapsus – жыгылган) – артерия ж-а венада кан басымынын төмөндөшү, зат алмашуунун бузулушу м-н мүнөздөлгөн өмүргө коркунучтуу абал. Инфекциядан, уулануудан, канды көп жоготуудан, кан тамыр жабыркаганда, катуу кармаган миокарддын инфаркты ж. б. патол. абалдарда пайда болот. К-та жүрөккө кан аз келип, тиричилик үчүн маанилүү органдарды кан м-н камсыздоо начарлап, гипоксия пайда болот. Оорулуунун өңү кубарып, муздак тер басат, колу-буту муздайт, көзү чүңүрөйүп, жаагы шимирилет. Артерия басымы кескин төмөндөп, тамыры солгун согот, энтигип тез-тез дем алат. Дене темп-расы 35°Сна чейин төмөндөйт, көзү караңгылап, кээде эстен танат. Оор К. өлүмгө алып келиши мүмкүн. Дарылоо ооруканада жүргүзүлүп, кан тамыр ж-а дем алуу борборун козгоочу, кан тамырды тарытуучу дарыларды шашылыш түрдө берүү, кан ж-а кан ордуна куюлуучу суюктуктарды куюу керек.