КОЛИТ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОЛИ́Т – жоон ичегинин сезгениши. Ичеги-карын жолунун көп кезигүүчү оорусу. К-тин пайда болушуна инфекция, тамактануунун бузулушу, уулануу себеп болушу мүмкүн. О. эле уремиялык ууланууда, карын м-н ичке ичегиде тамак сиңирүү начарлаганда (гастрит, панкреатит, гастроэнтерит), кээ бир антибиотикти, ич алдырма дарыны өз алдынча узакка колдонгондо болот. К-тин себебине ж-а оордугуна жараша жоон ичегинин үстүнкү бети сезгенүүдөн некроздуу жарага чейин жабыркайт. К. катуу кармаган ж-а өнөкөт болуп айырмаланат. Ичеги инфекциядан же уулануудан жабыркаганда катуу кармаган К. пайда болот (к. Дизентерия, Уулануу). Анда оорулуунун алы кетип, тамакка табити тартпай, ичи толгоп ооруп, ичи өтөт. Эгерде К. инфекциядан болсо, дене ысыйт. Катуу кармаган К-ти туура эмес же чала дарылаганда өнөкөт түрүнө өтүп кетиши мүмкүн.
Өнөкөт К. кээде инфекциясыз эле пайда болот. Ага туура эмес тамактануу, чала чайноо, спирт ичимдиктерин көп ичүү себеп болот. Мында ичегинин кыймылы (перистальтикасы) начарлайт, ичеги зили ж-а былжыры начар бөлүнөт, жоон ичегиден суюктукту соруу процесси өзгөрүлөт. К-тин белгилери оордугуна, жайылышына ж-а стадиясына жараша ар түрдүү болот. Ал кармаган учурда тамакка табити тартпай, жүрөгү айланып, алы кетет. Заңдаарда же андан кийин ич ооруйт. Күнүнө 3–4 жолу ич өтүп, кайра
катып, көөп, курулдашы мүмкүн, ириң же кан аралаш заңдайт. К-тин өнөкөт түрү бирде жакшы болуп, кайра кармап турат. Жоон ичегини дүүлүктүрүүчү ж-а аллергиялык реакция
чакыруучу тамак-аш ичүү, өтө чарчоо, тамак сиңирүүчү башка органдардын ишинин бузулушу К-ти күчөтөт. К-ти алдын алууда катуу кармаган ичеги ооруларын өз убагында туура дарылоо, тамактануу тартибин сактоо өтө маанилүү.