КОЛЕСНИКОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОЛЕ́СНИКОВ Пётр Федосеевич (1922, Ысык- Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Семёновка кыш. – 28. 1. 1945, Польша, Лович ш.)

– улук лейте­нант, Сов. Союз. Баатыры (1945, өлгөндөн ки­йин). 1942-жылдан Сов. Армияда. Улуу Ата Ме­кендик согушта батареянын командири. К-дун батареясы 1945-ж. январда Польшадагы Пили­ца суусунан өтүп, душмандын плацдармын ба­сып алып, фашисттердин 2 танкасын, 5 бронетранспор­тёрун, 2 замбирегин ж-а 2 автомашинасын кыйраткан. К. ошол кармашта 2 жолу катуу жарадар болуп, 1945- ж. 28-январда госпиталда каза тапкан. 2 Кызыл Жыл­дыз ж-а 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери м-н сыйланган.