КОКСТОО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОКСТОО – табигый отундарды, көбүнчө таш көмүрдү абасыз чөйрөдө 900 –1050°Сге чейин ысытуу м-н кайра иштетүү. К-дон учма заттар ж-а кокс деп аталуучу катуу калдык алынат. К-до 350°Сге чейин ысытууда суу буусу, көмүртек оксиди ж-а кош кычкылы, чайыр буусу бөлүнүп чыгып, көмүр жумшарып, чоюлчаак түргө өтөт. 500–550°Сде жумшарган көмүр ажырап, ароматтык нафтен, парафин углеводороддорунан турган чайыр продуктулары (чала кокс) пайда болот. 700°Сден жогору чала кокс толугу м-н кокска айланат. Алынган кокс суу же инерттүү газдар м-н муздатылып, ар түрдүү сортторго бөлүнөт. Кайра иштетилүүчү 1 т көмүр аралашмасынан 700–800 кг кокс, 20–40 кг чайыр, 8–12 кг чийки бензол, 280–340 м3 кокс газы ж-а 2–4 м3 аммиак алынат. Нефтини ажыратуудан пайда болгон мазутту, битумду, гудронду К-до (450– 500°Сге чейин ысытуудан) бензин ж-а күлү жок нефть коксу алынат.
Г. Батракеева.