КОКСИТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОКСИ́Т (лат. coxa – жамбаш) – жамбаш м-н кашка жилик муунунун сезгениши. Жугуштуу оорулар (ангина, грипп, туберкулёз, бруцеллёз, келте ж. б.), ириңдетүүчү инфекция (стафиллоккок, стрептококк ж. б.) анын пайда болушуна себеп болот. Туберкулёз К-и балдарда көбүрөөк жолугат. Мында инфекция көбүнчө өпкөдөн кан аркылуу келип, муунду жабыркатат. 5–10 жаштагы балдар ооруйт. Алгач бала шалдырап, тамакка табити тартпай арыктайт. Эти ысыйт, аксап, тизеси ооруганына даттанат. Уйкудан чочуп ойгонот, аксаганы күчөйт, оорулуу буту кыскарат. Жамбашы жабыркаган жагына көтөрүлүп, алдын карай ийилгенсип калат. Омуртка тутумунун кыйшаюусу байкалат. Айрым учурда муун баштыгына ириң толот. Кашка жиликтин эти качып, ичкерет. Дарылоодо организмди чыңдоочу ж-а туберкулёзго каршы чаралар көрүлөт. Бут гипстеп таңылат. Эгер жилик ириңдеп, сынып же чыгып кетсе, хирург. операция жасалат.