КОКС: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОКС – отундарды абасыз чөйрөдө жогорку темп-рада ысытуудан (кокстоодон) алынган катуу зат. К-тун көпчүлүгү таш көмүрдөн алынат. Таш көмүр К-у – майдаланган көмүрдү кокс мешинде ысытуудан (900– 1050°С) алынган майда тешиктүү катуу отун. Курамы б-ча графитке жакын. Жылуулук бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгү орт. алганда 7950 ккал/кг. Негизинен (80%) металл өндүрүүдө отун ж-а металлдарды калыбына келтиргич катары колдонулат. Жогорку темп-раны пайда кылуу м-н ылдам күйүшү, калыбына келтиргич сапаты анын көңдөйчөлөрүнүн көптүгүнө (45–55%), майдаланган бөлүкчөлөрүнүн кесектигине жараша болот. Көңдөйчөлөрү канчалык көп, кесегирээк бөлүкчөлөрдөн турса, анын беттешүү аянты
ошончолук жогору болуп, ылдам күйөт ж-а калыбына келтирет. Ал домна мештеринде металлдардын оксиддерин металлдарга айландырууда ж-а чоюн алууда колдонулат (к. Кокстоо).