КОКОС АРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОКО́С АРАЛДАРЫ , К и л и н г – Инди океанынын чыгыш бөлүгүндө, Суматра а-нан түштүктө жайгашкан аралдар тобу. Австралиянын тышкы аймагы. Аянты 14,2 км2. К. а. 26 аралдан турат. Бул аралдардын үчөөндө гана эл бар. Калкы 629 (2009); негизинен малайзиялыктар (Хом а-нда), о. эле европалыктар да жашайт. Калкынын 80%ке жакыны мусулман-сүннөттөр, калгандары христиандар ж-а башка диндердин
өкүлдөрү да кездешет. Эл аралык аэропорту бар
(Уэст-Айленд а-нда; негизинен Австралия ж-а Түш.-Чыгыш Азия м-н байланышат). Адм. борбору – Уэст-Айленд (калкы 200гө чукул, 2008;
аталышы ушундай аралда жайгашкан). Бантам посёлкасынын калкы 400гө жакын (Хом а-нда).
Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги –
австралия доллары. Климаты тропиктик пассаттык, нымдуу. Орт. темп-расы 23–30°С; жаанчачыны 2000 мм (негизинен январдан сентябрга чейин жаайт). Кокос пальмасы, бадал өсөт. Түн. атоллу чектеш жаткан акваториялары м-н Пулу-Килинг улуттук паркынын аймагына туура келет. Аралдарды 1609-ж. капитан У. Киллинг ачкан. 1825-ж. 6-декабрда капитан Ж. Клюнис Росс башкарган экспедиция аралга келген. Ал 1827-ж. Түш. атоллдун аралдарынын биринде посёлка негиздеп, суматралыктар м-н явалыктарды алып келип отурукташтырган. Алар дыйканчылык м-н алектенишкен. Росс 1831-ж. эки атоллго тең ээлик кылып, аралды үй-бүлөнүн менчиги деп жарыялаган. Аралга 1836-ж. апрелде атактуу табият таануучу Чарльз Дарвин келген. 1857-ж. Улуу Британия тарабынан аннекцияланып, 1878-ж. Цейлондун британиялык
губернаторунун бийлигине баш ийдирилген. 1886-ж. Британия колониясы Стрейтс-Сетлментстин курамына киргизилип, мөөнөтсүз пайдаланууга Клюнис-Росстун үй-бүлөсүнө кайтарылган. 1955-ж. Австралияга берилген, бирок Клюнис-Росстун тукумдары ээлик кылып келген.
Австралия өкмөтү 1978–86-ж. гана Клюнис-
Росстордон сатып алган. 1984-ж. 4-апрелде аралдын жашоочулары Австралиянын курамына киргенге макулдугун берип, добуш беришкен. Аралдын экономи кас ынын негизин кок ос
өстүрүү ж-а туризм түзөт. Балык кармалат. Калкы негизинен портто эмгектенет. Автомобиль жолунун уз. 22 км (анын 10 кми асфальтталган). Түш. атоллдун борб. лагунасында деңиз кемелери туруучу якорлуу жай салынган. Сыртка копра, кокос жаңгагы чыгарылат. Сырттан азык-түлүк ж. б. керектүү товарларды алат.
Ад.: Кокосовые Острова // Всё о странах мира, атлас-справочник. М., 2006; Кокосовые (Килинг) Острова// Большая Российская Энциклопедия. Т. 14. М., 2009.
Р. Карачалова.