КОКОН ХАНДЫГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОКОН ХАНДЫГЫ – 18–19-к-дагы О. Азияда­гы ири мамлекет. Болжол м-н 1709–10-ж. ка­лыптанып, 1876-ж. жоюлган. Алгач Фергана өрөөнүндөгү Дыйкан-Тоо деген жерди Ашыраа­лы бий башында турган миң уругу ээлеген. Ки­йин баласы Шахрух Эски-Коргон, Чамаш, Ча­дак, Партак ж. б. кыш-ды өз ээлигине кошуп, Шахрух ибн Чамаш бий аталык деген ысым алган. 1721–22-ж. анын уулу Абд ар-Рахим Ко­кон вилайетин бийлеп, инилери – Абдыкерим­ге (Абд ар-Карим) Хожентти, Шадыга Марга­лаңды башкарткан. Абд ар-Рахимдин тушунда Жаңы-Коргон кыш. негизделип, кийин Кокон ш. деп аталат. Ушул жерге хандыктын байтак-

Кокон хандыгында колдонулган ты­йындар.

тысы биротоло жайгашып, тарыхта ал К. х. деген ат м-н калган. Алим хандын (1798–1809) тушунда Кокон хандарынын теги Тимурдун ту-


куму Бабурдан тараган (Алтын-Бешик, Теңир- Жар) деген генеол. уламыш калыптанган (к. Миң династиясы). Бирок мындай көз караш азырынча ил. деңгээлде далилдене элек. К. х-нын түптөлүшүнө жалаң эле миңдер эмес, негизинен кыргыз, кыпчак, сарт, жүз сыяктуу уруулар олуттуу роль ойноп, саясий тарыхында Ферга­надагы отурукташкан ж-а көчмөн калктын ор­тосунда тынымсыз күрөш жүрүп келген. Анын негизинде отурукташкан уруулар м-н катар эле кыргыздар да саясий бийликке ээ болуп тур­ган. К. х-нын тарыхы түптөнүү, гүлдөө, кыйроо дооруна бөлүнөт. Түптөнүү доорунда калмактан сүрүлүп, Анжиянга келген кыргыздардын (к. Жуңгар хандыгы, Кыргыз-калмак согуштары) тийгизген таасири абдан күчтүү болгон. Алар­дын аркасы м-н алгач Маргалаң, Хожент, анан Анжиян, Наманган вилайети түзүлгөн. К. х-нын күчөп баратканын көргөн калмактар 1734-, 1745– 48-ж. Фергана өрөөнүнө бир нече жолу жортуул жасап, Кокон ш-н камоого алышкан. Ошол мезгилде кокон-кыргыз согуштук өнөктөштүгү түзүлүп, жардам берүү үчүн Касан ш-нын чыгы­шында жашаган кыргыздын миң түтүнү көчүп барган. Алар Кокон бийи Абдыкерим, Оро- Төбөнүн акими Фазыл бийлер м-н бирдикте кал­мактарды Ферганадан сүрүп чыгышкан. Бирок жуңгарлардын кийлигишүүсү м-н такка Баба бий отуруп (1750), кыска убакыт аларга көз каранды болуп калган. Жуңгар хандыгы тал­калангандан кийин же Эрдене бийдин экинчи жолу такка отурушунан (1752–69) баштап К. х. акырындап кубаттуу мамлекетке айлана баш­таган. Бул учурда кыргыз м-н казактар калмак­тан бошогон өзүлөрүнүн чыгыш жактагы мурун­ку конуштарына көчө баштап (к. Кыргыздар­дын Чүйгө келиши), К. х-нын ээлигинин кеңе­йишине кошумча, ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Натыйжада тышкы саясаты агрессиялуу мүнөзгө ээ болуп, Кубат бий өлтүрүлгөн. Ушул мезгил­дерде казак султаны Абылай да Эрденеге кар­шы бир нече жолу жортуул уюштурган. 1760-ж. кокондуктар Ош ш-нын айланасындагы адиги­не уругуна тиешелүү эгин талааларын талкала­са, 1761-ж. Ажы бий, Маматкул бий м-н Ар­зымат башындагы кыргыздар Эрденени чаап алуу үчүн кол топтогон. Бирок Цин империя­сынын кийлигишүүсү м-н эки тарап жарашууга аргасыз болушат. 1762-ж. Кытай императоруна жиберген катында Эрдене өзүн хан деп атап, Кашкар тоолорун эки өлкөнү бөлгөн чек ара деп санаган. Нарбото бийдин (1770–98) тушунда ички абалга көбүрөөк көңүл бөлүнүп, К. х-нын ка­лыптанышы аяктаган. 1798-ж. Төрө-Коргондо бек болуп турган Ажы бий (Абдырахмандын уулу) агасы Нарботого каршы козголоң уюшту­рат. Бирок ою ишке ашпай, адегенде Чаткалда­гы кыргыздарга баш калкалап, анан Ташкент­теги Жунус кожонун алдына качып барган. Улуу уулу Улугбек кокусунан каза болсо, Ажы бий­дин өзү 1801–02-ж. Алим хан тарабынан өлтүрү­лүп, 2-уулу Шераалы таластык кыргыздардын колунда (кээ бир маалыматта Ажыбай датка, башка кабарларда Базар баатырдыкында) чо­ңойгон. К. х-нын түптөнүү доорунда түш. кыр­гыз уруулары К. х. м-н тыгыз саясий алакада турушса, аркалык (түндүк) кыргыздар этностук­саясий, салт-санаа, руханий байланышын үзүш­көн эмес. Алим хандын такка олтурушу м-н К. х-нын гүлдөө доору башталат. Анын тушун­да Фергана өрөөнү биротоло К. х-на бириккен ж-а ички саясатынын орчундуусу аскер рефор­масы болуп, мылтык, замбирек м-н куралдан­ган 10 миңдей туруктуу атчан аскер түзүлгөн.
Омор хандын (1809–22) тушунда басып алуу саясаты дагы уланган. 1816-ж. Түркстан ш., Сыр-Дарыянын төмөнкү агымы, Кетмен-Төбө өрөөнү, 1830-ж. Фергана өрөөнү толук, Памир­дин кыйла бөлүгү, Тоолуу Бадахшан, Жызак, Ташкент, Түш. Казакстан, Кырг-ндын бардык аймагы, Кашкар ойдуңунун бир бөлүгү К. х-на караган. Жаңы шаарлар түптөлүп, экономика­сы жөнгө салынып, казына байыган ж-а ири сугат курулуштары курулган. 1832-ж. Кокон– Пекин келишими тышкы саясатындагы чоң ий­гиликтин бири болгон. Мадалы хандын (1822– 42) тушунда К. х-нын начарлашына өбөлгө түзүлүп, жерг. уруу төбөлдөрү топ-топторго бөлүнүп, өз ара күрөш жүргүзө баштаган. Ушун­дай абалдан улам Букардын эмири Насрулла 1842-ж. Мадалыны ж-а анын бир туугандарын өлтүрүп, Фергана чөлкөмүн ээлеген. Бирок ал Кокон бийлигин көпкө кармай алган эмес. Бул мезгилде кыргыздар кайрадан саясий күчкө ээ болуп, түш. жактагы кыргыз бийлеринин таа­сири өзгөчө күч алган (к. Нүзүп бий). Шераалы такка отуруп (1842–44/45), Нүзүп миң башы аталык наамын алышы м-н К. х-нын кыйроо доору башталат. Кудаяр хандын 1-, 2-, 3-хан­дыгы ж-а Мала хандын учурунда кыргыз, кып­чак ж. б. кландардын бийлик үчүн атаандашуу­су күчөп (к. Алымбек датка, Алымкул ата­лык, Йакуб бек, Курманжан датка, Мусулман­кул), көптөгөн көтөрүлүш [(1873–75), к. Искак­тын көтөрүлүшү, Кокон көтөрүлүштөрү, Кып­чак кыргыны], төңкөрүштөр болгон. Учурдан пайдаланып, аркалык кыргыздар да К. х-нын бийлигинен бошонууга аракет жасай башташ­кан (к. Жантай хан, Ормон хан). Чүй өрөөнү падышалык Россияга каратыла баштаган мез­гилде (к. Кыргызстандын Россияга каратылы­шы) К. х-нын ички абалы өтө начарлаган. Ошо­го карабастан, ал орус баскынчылыгын токто­тууга катуу аракет жасаган (к. Канаат шаа, Узун-Агач салгылашуусу). Орус генералы М. Чер­няевдин жетекчилиги алдында 1864-ж. Чым­кент, 1865-ж. Ниязбек чеби алынып, 1866-ж. Хожент, Оро-Төбө, Жызак ж. б. орус бийлиги-


не каратылышы м-н К. х-нын ээлиги негизинен Фергана өрөөнүн гана камтып калган. 1867-ж. Ташкент ш. Түркстан генерал-губернаторлугу­нун борборуна айланып, 1868-ж. К. П. Кауф­ман м-н соода келишимине кол коюлган. Рос­сия империясы 1875-ж. Фергана өрөөнүн карат­кан. 1876-ж. 19-февралда К. х. жоюлуп, анын ордуна Түркстан генерал-губернаторлугуна ка­раган Фергана обл. түзүлгөн.


Ад.: Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886; Терентьев М. А. История завоевания Средней Азии. Т. 1. СПб., 1906; Джам­гирчинов Б. Очерк политической истории Киргизии XIX века. Ф., 1966; Набиев Р. Н. Из истории Ко­кандского ханства (феодальное хозяйство Худояр хана). Таш., 1973; Плоских В. М. Киргизы и Коканд­ское ханство. Ф., 1977; Бейсембиев Т. К. «Тарих-и Шахрухи» как исторический источник. А.-А., 1987; Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга караты­лышы. Б., 1997; oшонуку эле. Кокон хандыгы жана кыргыздар. Ош, 1997; Сапаралиев Д. Б. Этнополити­ческая история г. Оша и его окрестностей с XVIII до середины XIX в. Б., 1999; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 2. Б., 2000; Хасанов А. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.; М., 2004; Зиявуддин Максым (Магзуми). Фергана хандарынын тарыхы. Б., 2007.

С. Наркеев.