КОКОН КӨТӨРҮЛҮШТӨРҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОКОН КӨТӨРҮЛҮШТӨРҮ – 19-к-дын 2-жары­мында кыргыздардын Кокон хандыгына каршы күрөшү. Россиянын вассалына айланган (1868) Кокон хандыгы карамагындагы элден (Фергана өрөөнү, Памир-Алай аймагы) алык-салык алуу­ну көбөйткөндүктөн, элдик көтөрүлүш баштал­ган. Алгач 1871-ж. эрте жазда Сох өрөөнүндө жашаган кыргыздар Кудаяр ханга каршы кө­төрүлүшкө чыгышкан. Атабек башында турган 2 миң сарбаз көтөрүлүшчүлөрдү чегинтип, 12 кыргызды колго түшүрүп, дарга асышкан. Эзүү­нүн күчөшүнөн улам Кокон хандыгынын кол алдында жашаган калк айласыз орустарга ка­раган башка уезддерге көчө башташкан (мис., 1873-ж. Олуя-Ата уездине 800дөн ашык түтүн көчкөн), бирок орус бийлиги аларды кайра кай­рып берген. К. к-нүн биринчи этабы (1873–74) Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы чыкса, орус аскеринин ага жардам беришине байланыштуу экинчи этабында (1875–76) ал хандык м-н кошо орус бийлигине каршы багытталган. Көтөрүлүш­кө кыргыздардан башка өзбек, тажик, казак ж. б. элдер да катышкан. Кыргыздардын ич­килик уруусунан чыккан Искак Асан уулу К. к-нүн белгилүү жетекчилеринин бири болгон [к. Искактын көтөрүлүшү (1873–75)]. Анжиян­дык кыргыздарды Мамыр Мерген уулу, чаткал­дыктарды Момун Шамырзак уулу жетектеген. Көтөрүлүштүн кысымынан адегенде Кудаяр хан, андан кийин такка отурган Насирдин качып барып, Түркстан генерал-губернаторлугунун кол алдына баш калкалоого аргасыз болгон. Көтөрүлүшчүлөр Коконду ээлеп алгандан ки­йин Кокон хандарынын өтүнүчүн канааттандыр­ган падыша өкмөтү анын аймагына орус аске­рин киргизүүгө уруксат берген. Ага карабастан, көтөрүлүш улана берген. 1875-ж. декабрдын аяк ченинде мыкты куралданган орус аскерлери На­манган ш-н, 1876-ж. январь айында Анжиян, Асаке, Үч-Коргон ш-н көтөрүлүшчүлөрдөн бо­шоткон. Ага туруштук бере албаган кыргыздар 1876-ж. Алай тоолоруна чегинген. 1876-ж. 8-фев­ралда генералдар Г. А. Скобелев ж-а М. Д. Кол­паковский Коконго кирген. 19-февралда Кокон хандыгынын Россия империясынын курамына киргени тууралуу расмий буйрук жарыяланган. Скобелев ж-а Витгейнштейн жүргүзгөн Алай экс­педициясынын жыйынтыгында Абдылдабек жетектеген акыркы көтөрүлүшчүлөр 1876-ж.


жай айларында Афганстанга өтүп, натыйжада К. к. күчүн жоготкон (к. Кыргызстандын Рос­сияга каратылышы).


Ад.: Терентьев М. А. История завоевания Средней Азии. Т. 1. СПб., 1906; Джамгирчинов Б. Очерк поли­тической истории Киргизии XIX века. Ф., 1966; Плоских В. М. Киргизы и Кокандское ханство. Ф., 1977; Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга кара­тылышы. Б., 1997; Хасанов А. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.; М., 2004.

С. Наркеев.