КОКОВЦОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОКО́ВЦОВ Павел Константинович (19. 6. 1861, Павловск ш. – 1. 1. 1942, Ленинград) – чыгыш таануучу, семитолог, эпиграфист, ординар проф. (1902). Петербург ИАнын ординар академиги (1902), академиги (1912). Орус гебраистика, ас­сириология мектебин негиздөөчүлөрдүн бири. Санкт-Петербург гимназиясын (1880), Санкт-Пе­тербург ун-тинин чыгыш тилдери ф-тин (1884) бүткөн. Ун-тте араб-фарс-түрк-татар тилдери б-ча лекция угуп, санскрит м-н иштеген. 1893-ж. еврей тили б-ча окумуштуу магистр да­ражасын алат. К. семит тилдеринин дээрлик бар­дыгын ж-а алардын жазууларын билген. Эм­гектери семит тилдерине ж-а жазуу эстеликте­рине, семит ж-а эллиндик Чыгыштын элдери­нин эпиграфикасына, археографиясына, тары­хына арналган. Сирология жаатында Ысык- Көлдүн түш. жээгинен табылган сиро-түрк жа­зууларын биринчи жарыялаган. Чүй өрөөнүндөгү Пишпек м-н Токмоктун жанынан табылган нес­ториан-христиандардын эстелик таштарындагы жазууларды окуп, «К сиро-турецкой эпиграфи­ке Семиречья» деген макала жарыялаган. Се­митолог-энциклопедист катары ал орус чыгыш таануу илиминде өчпөс из калтырган. Ленин­градда блокада учурунда каза болгон.


Эмг: Христианско-сирийские надгробные надписи из Алмалыка // ЗВОРАО, Т. ХVI, 1905; Несколько новых надгробных камней с христианско-сирийскими надписами из Средней Азии // Изв. Имп. Акад. наук, 1907, ¹ 12; К сиро-турецкой эпиграфике Семиречья // Изв. Имп. Акад. наук, 1909.


Ад.: Пигулевская Н. В. Академик П. К. Коковцов и его школа // Вестник ЛГУ. 1947. Вып. 11 (библ.);


Крачковский И. Ю. П. К. Коковцов в истории русского востоковедения //Крачковский И. Ю. Избр. соч. М.; Л., 1958. Т. 5; Палестинский сборник М.; Л., 1964.