КОКОВЦОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОКО́ВЦОВ Павел Константинович (19. 6. 1861, Павловск ш. – 1. 1. 1942, Ленинград) – чыгыш таануучу, семитолог, эпиграфист, ординар проф. (1902). Петербург ИАнын ординар академиги (1902), академиги (1912). Орус гебраистика, ассириология мектебин негиздөөчүлөрдүн бири. Санкт-Петербург гимназиясын (1880), Санкт-Петербург ун-тинин чыгыш тилдери ф-тин (1884) бүткөн. Ун-тте араб-фарс-түрк-татар тилдери б-ча лекция угуп, санскрит м-н иштеген. 1893-ж. еврей тили б-ча окумуштуу магистр даражасын алат. К. семит тилдеринин дээрлик бардыгын ж-а алардын жазууларын билген. Эмгектери семит тилдерине ж-а жазуу эстеликтерине, семит ж-а эллиндик Чыгыштын элдеринин эпиграфикасына, археографиясына, тарыхына арналган. Сирология жаатында Ысык- Көлдүн түш. жээгинен табылган сиро-түрк жазууларын биринчи жарыялаган. Чүй өрөөнүндөгү Пишпек м-н Токмоктун жанынан табылган несториан-христиандардын эстелик таштарындагы жазууларды окуп, «К сиро-турецкой эпиграфике Семиречья» деген макала жарыялаган. Семитолог-энциклопедист катары ал орус чыгыш таануу илиминде өчпөс из калтырган. Ленинградда блокада учурунда каза болгон.
Эмг: Христианско-сирийские надгробные надписи из Алмалыка // ЗВОРАО, Т. ХVI, 1905; Несколько новых надгробных камней с христианско-сирийскими надписами из Средней Азии // Изв. Имп. Акад. наук, 1907, ¹ 12; К сиро-турецкой эпиграфике Семиречья
// Изв. Имп. Акад. наук, 1909.
Ад.: Пигулевская Н. В. Академик П. К. Коковцов и его школа // Вестник ЛГУ. 1947. Вып. 11 (библ.);
Крачковский И. Ю. П. К. Коковцов в истории русского востоковедения //Крачковский И. Ю. Избр. соч. М.; Л., 1958. Т. 5; Палестинский сборник М.; Л., 1964.