КОЙЧИЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОЙЧИЕВ Турсунбек (14. 10. 1941-ж. т., Чүй обл., Жайыл р-ну, Сары-Булак айылы) – КРдин эл сүрөтчүсү (2007), КРдин мад-тына эмг. сиң. ишмер (1993), СССР ж-а КР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын бүткөн (1964). Анын чыглыгы пей заж жанрында 1960-жылдарда калыптанган. 1965-жылдан респ. көргөзмөлөргө катыша баштаган. Кырг-нда совет бийлигинин орношуна арналган «20-жылдардагы Кыргызстан аялдары» аттуу туңгуч тематикалык триптихи м-н таанылган. «Чөп чабыкта» (1973), «Тоодогу кеч» (1974–75), «Сууга түшүп жаткан кыздар» (1974) ж. б. пейзаждык чыгармаларында кыргыз жеринин кайталангыс сулуулугун даңазалайт. К. 30дан ашык респ., бүткүл союздук ж-а эл аралык (Швеция, Бельгия, Моңголия, Италия) көргөзмөлөргө катышкан. Анын чыгармалары Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде, о. эле Франция, АКШ, Кытай, Германия, Түркия, Россия ж. б. өлкөлөрдөгү менчик коллекцияларда сакталуу.
