КОЙ-ТАШ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОЙ-ТАШ – Чүй обл-нун Аламүдүн р-нундагы кыштак. Таш-Мойнок айыл округуна караштуу. Аламүдүн суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 700 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыш-нан 19 км түш.-батыш тарапта. Аламүдүн т. ж. бекетинен 16 км. Кыштак 1927-ж. негизделген. Калкы 2045 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет, мал багышат. Орто ж-а интернат-мектеп, китепкана, клуб ж. б. бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ФАП иштейт. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры Ж. Мундузбаева, КРдин эл артисти Н. Кытаев туулган.