КОЗУЧАК 1: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОЗУЧАК – Талас р-нундагы кыштак. Беш-Таш айыл округуна караштуу. Беш-Таш капчыгайынын оозунда, Беш-Таш суусунун боюнда, деңиз деңг. 2000 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Көк-Ой кыш-нан 8 км түш. тарапта. Жамбыл т. ж. бекетинен (Казакстан) 195 км. Кыштак 1932-ж. негизделген. Калкы 1467 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Соода түйүндөрү, ФАП иштейт.