КОЗУ КАРЫНДАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОЗУ КАРЫНДАР (Fungi, Mycota же Myсe- talia) – тирүү организмдердин чоң тобу; жөнөкөй түзүлүштүү, хлорофиллсиз, тез өсүүчү, фотосин­тези жок, даяр орг. заттарга муктаж, осмотроф­туу гетеротроф организмдер. Көпчүлүк К. к-дын вегетация денеси мицелий түрүндө ичке, узуну­нан өсүп бутактануучу жипчелерден (гифтерден) же бүчүрлөө жолу м-н көбөйүүчү тоголок, жу­муру клеткалардан (ачыткы козу карын), эң жөнөкөйлөрүнүкү кабыксыз протоплазмадан турат. К. к. бир клеткалуу (жөнөкөй) ж-а көп клеткалуу (татаал) болуп бөлүнөт. Клеткасы целлюлоза, хитинден турган калың кабык м-н капталган. К. к-да вегетация денесинен (мице­лийден) башка тукумдук дене пайда болот да, андан споралар калыптанат. Көбүнчө жыныс­сыз жол м-н көбөйөт. Жыныс жолу м-н көбөйүү­сү споралар аркылуу жүрөт. Споралар бир же көп клеткадан туруп, түрдүү формада ж-а түстө болот. Азык субстратына жараша мителер, сап-

Козу карындар: Желе турган козу карындар: 1 – ак козу карын; 2 – подосиновик; 3 – жашыл маховик; 4– кайың түбүндө өсүүчү козу ка­рын; 5 – маслёнок; 6 – рыжик; 7– жашыл сыроежка; 8 – кызыл сыроежка; 9 – сары сыроежка; 10 – вешенка; 11 – чатыр козу карын; 12 – опята; 13 – шампиньон.

рофиттер ж-а симбионтторго бөлүнөт. Мителе­ри (грибоктор) адам, айбанат ж-а өсүмдүктөрдүн оорусун козгойт. Сапрофиттер өлгөн ткандын

Уулуу козу карындар: 1 – кызыл мухомор; 2 – са­сык мухомор; 3 – темгилдүү мухомор; 4 – жалган опята; 5 – куу поганка; 6 – сары поганка.

орг. заттары м-н азыктанат. Симбионттор гүлдүү өсүмдүк­төрдүн тамыры м-н микориза­ны, балырлар м-н бирге жа­шап, эңилчектерди пайда кы­лат. Табиятта көпчүлүк К. к. узакка жашай албайт. Мице­лийи бир нече суткада өөрчүп, спораны пайда кылат да, өзү­нүн өсүшүн токтотот. Көп жыл­дык мицелийлүү К. к. да бар. Көбүнүн споралары кургакта ондогон жылдар тиричилик­ке жөндөмдүүлүгүн сактайт. К. к. царствосу 3 бөлүмдөн турат. Кадимки К. к-дын 4 классы (фикомицеттер, аско­мицеттер, базидиомицеттер ж-а жетилген К. к.), 100 миңден ашык түрү бар. Кырг-нда К. к-дын 2100дөн ашык түрү белгилүү, а. и. тамак-аш катары колдонулуучу 98 түрү аныкталган. К. к-дын көбү өсүмдүк илдетин, ай­рымдары адам ооруларын (таз, трихофития, кандидомикоз ж. б.) пайда кылат. Айрымдары­нан витамин, антибиотик, лимон к-тасы ж. б. алынат. Ачыткы К. к. нан, пиво ачытууда ке­ректелет. Уу бөлүп чыгаруучулары да бар. Ай­рым түрү жыгач курулуштарын бузат, сактаган мөмөлөрдү, тех. өсүмдүктөрдү чиритет.


Ад.: Лессо Т. Грибы Определитель. М., 2003; Морфнина О. Е. Антропогенная экология косвенных грибов. М., 2005.

Ж. Карабекова.