КОЖОМКУЛОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОЖОМКУЛОВ Асан (23. 8. 1932, Чүй обл., Кемин р-ну, Жаңы-Алыш кыш. – 9. 10. 2001, Бишкек) – мамл. ишмер. СССР ж-а Кыргыз ССР мамл. сыйл. лауреаты (экөө тең 1982), Кыргыз ССРинин эмг. сиң. ирригатору (1981). 1955-ж. Скрябин атн. КАЧИнин бүткөн. 1955–63-ж. Тянь-Шань обл., 1963–67-ж. Баткен обл., 1967– 72-ж. Ош обл. суу чарба мекемелеринин башчысы,

1972–79-ж. Кыргыз ССРинин суу чарба министри, 1979–90-ж. СССР суу чарба
министрлигине караштуу «Кыргыз суу чарба курулуштун» башкы башкармасынын башчысы болуп иштеген. Анын жетекчилиги м-н Киров, Төрт-Күл, Ала- Арча суу сактагычтары, Чоң Чүй, Чоң Талас, Сокулук, Панфилов, Кемин, Кочкор, Баткен, Токтогул каналдары, Он-Арча, Ак-Жар, Куланак, Ит-Агар, Жылтыр, Жерге-Тал насостук станциялары курулуп, ишке киргизилген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин беш жолку депутаты. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган. Баткен обл-ндагы Төрт- Күл суу сактагычына, Бишкек ш-ндагы ж-а Кемин шаарчасындагы бирден көчөгө ысмы ыйгарылган.