КОЖОМКУЛ 1: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОЖОМКУЛ Каба уулу (1888, Суусамыр өрөөнү – 1955, ошол эле жер) – кыргыз элинин алп балбаны; Кырг-нда Совет бийлигин орнотууга ж-а чыңдоого активдүү катышкан.

1925–30-ж. Суусамыр кедейлер к-тинин төрагасы, Кара-Балта р-ндук жер бөлүмүнүн башчысы, 1930–42-ж. Жумгал р-нундагы Баш- Кууганды, Кайырма, Көкөмерен (Суусамыр) айыл кеңештеринин төрагасы, 8-март колхозунда ферма башчысы болуп иштеген. 1942–49-ж. Сокулук р-нундагы «Победа» колхозунун кой фермасын башкарган. 47 жашында салмагы 164 кг, боюнун уз. 1 м 97 см (башка маалы-
мат б-ча салмагы 203 кг, бою 2 м 36 см) болуп, 52-өлчөмдөгү өтүк кийген. Колунун манжаларынын уз. 26 смге чейин, баш бармагынын жоондугу – 6 см, далысы – 76 см болгон. Ал балбандыгын ата-энесинен мурас катары алган. Атасы Кошуке уулу Каба (1827–1906) кара күчкө эгедер, эл оозуна алынган адам болгон. Энеси Алмадай эр сайышка түшүп жүргөн. К-дун күчтүүлүгү бала чагында эле байкалган; 15 жашында күрөшкө түшүп, 45 жаштагы дасыккан балбанды жыккан. Казак балбаны Балбан Чолокту (Балуан Шолакты) жыккандан кийин, атагы казак элине да кеңири тараган. Анын балбандыгы ж-дө эл оозунда көп аңыз айтылат. Күчкө толуп турган убагында салмагы 400 кг чамалуу өгүздү жаракадан сууруп алган. 22 жашында Суусамыр өрөөнүнүн Арамза төрүндө салмагы 635 кг ташты 100 мдей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч м-н уруп киргизген («Кожомкулдун ташы»). Чүйдөн Суусамырга баратканда баспай калган атын көтөрүп, Төө-Ашуудан ашкан. Сом темирди ийип, ат таканы бир колу м-н кысып сындырган. Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган. 1962-ж. К-дун урматына Кыргызстан күрөш федерациясы эркин күрөш б-ча байге белгилеген. Бул байге үчүн мелдеш Бишкекте жыл сайын өтүп келет. 1968-жылдан респ-нын ачык биринчилиги өткөрүлүп, 1975-ж. Бүткүл союздук мелдештин статусун алган. Ысмы Суусамырдагы айылга (музейи да ачылып), Бишкектеги спорт сарайына (1993) берилип, айкели орнотулган. «Каба уулу Кожомкул» аттуу даректүү фильм тартылган (1990).
Ад.: Байман Ф. Е., Никулин В. П. Кожомкул – легендарный баатыр кыргызов. Б., 1996; Эсенгулов Ш. Кожомкул, Б., 2003; Койчуманова Ч. У., Сапарбекова А. А. Кожомкул тарыхый инсан. Б., 2007.
С. Төралиев.