КОЖОМЖАРОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОЖОМЖАРОВ Чоро (7. 11. 1942, Нарын обл., Ак-Талаа р-ну, Учкун айылы – 13. 4. 1981, Фрун­зе) – туңгуч кыргыз эстрада ансамблинин уюш­туруучусу ж-а көркөм жетекчиси.

Кыргыз ССРи­нин эмг. сиң. арт. (1974).
М. Күрөңкөев атн. муз. окуу жайын бүткөндөн (1958) кийин, К. Орозов атн. эл ас­паптар оркестринде солист­музыкант болгон. Комузда классикалык күүлөрдү черт­кен, комузчулар ансамбли­нин курамында Атайдын, Ниязаалынын, Айдараалы­нын күүлөрүн чертип аткар­ган. 1967-ж. С. Жумалиев, Б. Эгембердиев (комуз), О. Усубалиев (электр домбра), А. Тезекбаев (аккордеон), Ю. Черкасов (бас гитара), К. Мамасалиев (урма аспап), А. Мо­мунгазиев (куудул) сыяктуу музыканттардан эс­традалык топту уюштурган. К. эстрада ансамбли үчүн обончулардын ырларын иштеп чыккан.
Анын «Биз тынчтыкты сүйөбүз», «Ашыгы ке­лер кез болсо», «Кызганамын» ж. б. ырлары белгилүү. Ансамбль СССРдин курамындагы респ­ларда, Канада, Сирия, Алжир, Моңголия ж. б. өлкөлөрдө гастролдо болгон. Медалдар м-н сый­ланган.