КОЖОГАТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОЖОГАТ (Fragaria L.) – роза гүлдүүлөр туку­мундагы көп жылдык чөп өсүмдүк. 50дөй түрү Европа, Азия, Түн. Африка ж-а Америкада өсөт. КМШ өлкөлөрүндө жапайы 7 түрү бар. Көп та­ралгандары: токой, көк, мускат, кыргыз К-ы. Ал эми эгилме түрүнөн негизинен бак же ана­нас К-ы (гибрид) өстүрүлөт. Анын жапайы түрү кездешпейт. Алгачкы сорту 18-к-да Нидерланд­да пайда болгон. Бак К-ынын сабагы кыска, бутактанып өсөт (бийикт. 10 см). Жалбырагы үч ача, жазы, гүлү ак, сары түстүү. Мөмөсү кы­зыл, кызгылт, көп уруктуу. Чачы тамырлуу, тамыры жерге 20–25 см терең кирет. Суукка ба­йымсыз. Мөмөсүндө 80–90% суу, 0,8–1,6% кис­лота, 0,9–1,2% азоттуу зат, 1,0–1,7% пектин, 0, 16–0,25% өңдөгүч заттар, 0,4–0,8% күл, 50– 80 мг% С витамини бар. Гектарынан 6–10 т тү­шүм алынат. Мөмөсүнөн кыям, пастила, шире жасалат. К-тын сорттору көп. Heгизги сортто­ру: тoo мөлмөлү, комсомол, фестиваль, киев, минск, аврора, өзбекстан, ташкент ж. б. К. көчөтүнөн, мурутчаларынан көбөйтүлөт. Токой К-ынын дарылык мааниси бар. Кырг-нда неги­зинен Чүй өрөөнү м-н Ош обл-нда өстүрүлөт. Гек­тарынан 65–90 цден түшүм жыйналат. К. зыян­кечтери: кожогат шиш тумшугу, кожогат не­матодасы, кожогат кенеси; илдеттери: мөмө чириги, чаңгыл кебер.