КОЖО-АТА КӨМҮР КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОЖО-АТА КӨМҮР КЕНИ – Жалал-Абад облнун Аксы р-нунда, Кара-Суу ойдуңунун түндүк жагында, Авлетин ж-а Кара-Суу сууларынын төмөнкү агымдарынын аралыгында, Таш-Көмүр ш-нан 70 км түндүктө жайгашкан. Кен жөнүндөгү алгачкы маалымат 1876-ж. (Г. Д. Романовский) берилген. 1953-ж. геол. картасы түзүлгөн. Көмүрлүү катмарда 4 кабат бөлүнгөн. Көмүр кабатынын калыңдыгы 0,20 мден 1,0 мге чейин өзгөрөт. Көмүрдүн күлдүүлүгү 12,52%тен 38,04%ке чейин, күйүү жылуулугу 26,56 МДж/кг (6345 ккал/кг) – 30,чейин өзгөрөт. Кендин 600 м тереңдикке чейинки божомолдуу ресурсу 44 млн т.