КОБЫСТАН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОБЫСТА́Н – 1) Азербайжан Респ-ндагы Жейрен-Кечпес суусуна жакын жердеги тоо; 2) К. аскаларына тартылган байыркы оймо-чиймелер. Мезолит доорунан о. кылымга чейинки мезгилге таандык 4 миңден ашык түрдүү сүрөттөн турат. Алардын арасында эгин эгүү ж-а жыйноо, курмандык чалуу ж. б. диний ж-а чарбачылык

мүнөздөгү сюжеттүү сүрөттөр көп. К. оймо-чиймелерине жакын жерде таш дооруна таандык тургун жай үңкүрлөр бар. О. эле б. з. ч. 3-миң жылдыктагы коло доорунда эл отурукташкан жайлар ж-а көрүстөндөр да белгилүү.